Жөлөп-таяп, аттан кулап. Америка жана франциялыктардын көк бөрү тарткан видеосу

Жазылуу
5-сентябрда Өзбекстан менен Франция, Казакстан менен АКШ командалары көк бөрү талаасына чыгышты.

Европалыктар көк бөрүнү жаңыдан ойноп жаткандыктан азиялыктарга туруштук бере алган жок. 

Мелдеш Көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Атадагы ипподромдо өтүүдө. 

Франциянын командасы быйыл биринчи ирет көк бөрү тартып жатат. Алар буга чейин Франциянын хорсбол курама командасында ойноп келишкен. Ошентсе да атаандашынын тайказанына 6 улак сала алышты. Ал эми өзбекстандык улакчылар алда канча тажрыйбасы бар экени байкалып турду. Башкы машыктыруучусу Шералы Беккулов Көчмөндөр оюндарына жети айдан бери даярданышканын айтат.

“Биз Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарына да келгенбиз. Бул мелдешке жети ай бою даярдандык. Буюрса эртең жарым финалда Красноярск командасы менен ойнобуз. Аларды жеңип финалга чыгабыз деген жакшы ниетибиз бар. Биздин өлкөдө аламан улактар көп эле өтүп турат”, — деди Беккулов. 

Ал эми америкалыктар быйыл экинчи ирет көк бөрү талаасына чыгууда. Алар Франция комадасына салыштырмалуу дурус оюн көргөзүштү. Бирде улак менен кошо тай казанга ыргыса, бирде аттан кулап кан-жанын аяшкан жок.

“Бул оюн кара күчтү жана эрдикти талап кылат экен. Өзүбүз минген аттар башка, көк бөрүнүн аттары башка. Батыш тараптан бизден да башка команда келгени кубандырат. Ал француздар менен чыксак утуп алчудайбыз. Биз эрежелерин билип калдык, эми Америкага барып да жакшы даярданабыз. Азыр Кыргызстандан машыктыруучуларды, аттарды алып барып үйрөнсөкпү деп сүйлөшүп жатабыз”, — деди АКШ командасынын капитаны Скот Зимерман. 

Алардын мелдеши 20:8 эсебинде казак улакчыларынын жеңиши менен аяктады. Казакстандын командасы андан мурун Красноярск командасын 15:3 эсеп айырмасы менен уткан. 

Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз спортчулары Көчмөндөр оюнунда медаль саны боюнча алдыга чыкты
Кыргызстандын улуттук курама командасы биринчи айлампада монголдорду 29:5 эсебинде жеңип алган. Бүгүн чыкчу Алтай командасынын курамы толук болбой оюндан четтетилип, жеңиш автоматтык түрдө Кыргызстанга ыйгарылды.

6-сентябрда жарым финал, бүрсүгүнү финалдык оюндар болмокчу. Жалпы жонунан 11 команда күч сынашууда. Баш байге ээлери үч миллион сом алат.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына 70 мамлекетен (Россиянын 12 субъектиси) 1918 спортчу келген. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Мелдешке 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген. Жалпы жонунан 594 медаль ойнотулат. Анын ичинен алтын — 174, күмүш — 173, коло — 247. 

Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0