ЧОЛПОН-АТА, 4-сен. — Sputnik. Алтай командасы оюнга чыкпай калып Кыргызстандын улакчылары жеңүүчү аталды.
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдиргендей Алтай командасынын курамы толук болбой калган.
"Айрым оюнчулары жаракат алганына байланышуу улакчыларынын саны толук болбой калды. Буга байланыштуу аларга оюнга чыгууга уруксат берилген жок", — дешти агенттиктен.
Ал эми саат Казакстандын улакчылары 12.00дө Красноярск, 15.00дө АКШ командалары менен беттешет. Ошондой эле саат 13.30да Өзбекстан менен Франциясынын улакчылары оюн талаасына чыкмакчы.
Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча 11 команда күч сынашууда. Биринчи айлампада Кыргызстандын улуттук курама командасы монголдорду 29:5 эсебинде жеңип алган.
Көчмөндөрдөрдүн дүйнөлүк III оюндарына 82 мамлекеттен (Россиянын 11 субъектиси) 2500 спортчу келген. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Мелдешке 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген. Жалпы жонунан медалдын 594 комплектиси ойнотулат. Анын ичинен 174ү — алтын, 173ү — күмүш, 247си — коло.
Спорттук мелдештер 8-сентябрга чейин Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана Кырчын жайлоосунда өтөт. Ал эми маданий иш-чаралар Бостери айылындагы "Nomad" амфитеатрында жана Кырчында болмокчу.
Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.