БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык салют саат 22.00дө башталарын Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, борбордук аянтка чогулган эл алгач эстрада жылдыздары тартуулаган концертке күбө болуп, ал аяктаары менен фейерверк атыла баштайт.
Салют 10 мүнөттөй атылмакчы. Көз жоосун алган бул көрүнүштү жасоо үчүн шаар бюджетинен 500 миң сом бөлүнгөн.