Түркияда эки буту тең сынган келин Кыргызстанга кайтып келди. Окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Кыргызстандык келиндин күйөөсү Түркияда жардам бергендер түшкөн акчаны алып алган болушу мүмкүн деп күмөн санап жатат.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Түркиянын Анкара шаарында июнь айынын башында жол кырсыгына кабылып, эки буту тең сынган КР жараны Наргиза Эшенкулова Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине келиндин күйөөсү Анатолий Боромбаев билдирди.

Анын айтымында, жубайы 2-августта Кыргызстанга келип, учурда Таласта үйүндө дарыланып жатат.

"Аялымды коюп кеткен түрк жаранынын үй-бүлөсү билетин эле алып берип, Кыргызстанга салып жиберишиптир. Кийинки дарылануусуна деп тыйын-тыпыр беришкен эмес. Аялым жол кырсыгы болгондо дароо ооруканага алып келинип, операция жасалган. Андан 1-2 күндөн кийин эле жол кырсыгына күнөөкөр кишинин үйүнө чыгарып кетишиптир. Үйдөн деле жарытылуу жардам көрсөтүлгөн эмес", — деди ал.

Посол Кыргызстана в Турции Ибрагим Жунусов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жунусов: Түркияга келген мигранттардын саны жай мезгилинде кескин өсөт
Кыргызстандын Анкара шаарындагы консулу Чыңгыз Абдрахманов кыргызстандык келинди коюп кеткен түрк жарандын жакындары менен сүйлөшкөнүн белгиледи. Алардын айтымында, кырсыкка себепкер болгон тарап билет алып берип, жабырлануучуну Кыргызстанга жиберишкен.

"Биз сүйлөшкөн түрк жараны жабыркаган кыргызстандык аял доосу жок экенин айтканын жана Кыргызстанга билет алып берип кетиргенин билдирди Бирок мен келиндин жазган катын көргөн жокмун", — деди Абдрахманов.

Жол кырсыгынан эки буту тең сынган Наргиза Эшенкулова Түркиядан Кыргызстанга кайтып жатканда эч кандай документке, кагазга кол коюп бербегенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Мен эч кандай документке кол коюп бербейм деп ачык эле айттым. Бир да кагазга кол коюп берген жокмун", — деди ал.

Кыргызстандык келиндин жолдошу Боромбаев жубайы бул жакка келгенден кийин Түркиядан адвокатмын деген кишилер камсыздандыруу үчүн акчасын алса болорун айтып телефон чалганын маалымдады.

Турецкая лира - Sputnik Кыргызстан
Түрк лирасынын куну түшүүдө. Кыргызстандык мигранттарга берген таасири кандай
"Аялым Кыргызстанга келгенден кийин Түркиядан адвокатмын деп чалышып, камсыздандыруу үчүн акчаны албайсыңарбы дешти. Ал эмне болгон акча, кантип алабыз, билбейм. Жубайым Кыргызстанга келе жатканда аны коюп кеткен тарап эч кандай кошумча акча бербептир. Бул жактан дагы дарыланышы керек да", — деди ал.

Жабыркаган аялга Түркиядан каралашкан ишкер Жаныш Оморов сөз болуп жаткан акчанын чоо-жайын айтып берди.

"Эгер Наргиза Түркияга дарылануу үчүн келем дей турган болсо ооруканадагы кагазын көрсөтүп эле керектүү жардамды алса болот. Ал эми компенсация маселеси такыр башка. Аны Наргизанын күйөөсүнө да айтып түшүндүргөм. Эгер аны сүзүп кеткен түрк жаранынан жөлөк пул өндүрөм десе алар бул жакта болуп, сот отурумдарына катышуусу керек. Андай ою болсо диаспора катары бул жактан жардам бермекпиз", — деди ал.

Боромбаев жубайы бул жакка келгенден кийин акча тууралуу сөздөрдүн болуп жатышы күмөн туудуруп жатканын айтты.

Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве - Sputnik Кыргызстан
Кошматов: кээде өлүктү жөнөтө албай калабыз. Себеби, Кыргызстандын учактары албайт
"Эмнегедир бул сөздөрдүн бардыгы Наргиза Кыргызстанга келгенден кийин чыгып жатат. Түркияда жүргөндө эмнеге айтышпайт? Угушумча жубайым ооруканада жатканда жардам берем дегендер көп эле болуп акчалай көмөк болуптур. Айрымдары Түркияда жеке иши бар кыргызстандык ишкерлерге чейин барып акча алышканын айтып жатышат. Жубайым жаткан ооруканага ага жардам берүү үчүн атайын кутуча да коюлган дешүүдө. Ал жакка канча акча чогулган, аны ким алды деген суроолор көп", — деди ал.

Анкара шаарындагы консул Абдрахманов Наргиза жаткан ооруканага жардам берүү үчүн кутуча коюлганы тууралуу маалыматы жок экенин айтып, ал ооруканада 2-3 күн гана жатканын, бул убакытта жардам берүү үчүн кутуча ачууга деле негиз жок болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Учурда Эшенкулова Таластагы үйүндө дарыланууда. Жергиликтүү ооруканага барып, рентгенге түшкөн. Дарыгерлер эки айдан кийин кел деп кеңеш беришкен.

Ал эми Наргизанын жолдошу алардын төрт баласы бар экенин, ошондой эле 90го чыккан атасын да, буту сынган келинчегин да өзү карап жатканын айтты.

Эгер бул үй-бүлөгө жардам берем дегендер болсо Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына кайрылсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0