Инспекторлор Суракматовдун жолтандабасынын тонировкасын сыйрып салды. Видео

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КРLexus LX 570 мэра Бишкека Азиза Суракматова
Lexus LX 570 мэра Бишкека Азиза Суракматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул калаа жетекчисинин менчик унаасы, анктени ал кызматтык машинадан баш таркан.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унаанын алдыңкы каптал терезелеринин тонировкасын сыйрып, айдоочуну айыпка жыкты. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Бул унаа менен жакында эле калаа мэри болуп шайганган Азиз Суракматов жүрөрү айтылды. Буга чейин социалдык тармактарда ушул эле унаанын алдыңкы айнектерин караңгылатып жүргөн сүрөтү тараган.

ЖКККББдан билдиришкенине караганда, айдоочусу Арслан Кутешов айып төлөп, ошол жерден тонировка алып салынды.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы мэр Азиз Суракматовдун өзү менен байланышканда,учурда иш-чарада жүргөнүн жана бул окуя боюнча толук маалыматы жок экенин айтты.

"Укук коргоо органдары өздөрү териштирет деп ойлойм. Мага айдоочуну унааны жакшы айдайт деп сунушташкан. Тонировка бар-жолун билген эмесмин", — деди шаар жетекчиси.

Борбор калаанын мэри Азиз Суракматов бүгүн жыйын өткөрүп, муниципалитеттин тиешелүү кызматына жашылдандыруу, парктарды калыбына келтирүү, көрктөндүрүү маселеси боюнча талаптарды койду. - Sputnik Кыргызстан
Суракматов жыйынын парктардын маселесинен баштады. Мэр койгон 9 талап
Ошондой эле мэр бул анын менчик унаасы экенин, кызматтык машинадан баш тартканын кошумчалады.

Кыргызстанда унаанын алдыңкы каптал тегезелерин караңгылатууга тыюу салынган. Бул тартипке президент, премьер-министр, ЖК спикери жана Жогорку соттун төрайымы жүргөн унаалар гана баш ийбейт. Ошондой эле "караңгы" терезе артында жүрүүгө өлкөнүн биринчи адамдарын кайтарган мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрү укуктуу. Мындан тышкары, акча жана баалуу кагаздарды ташуу менен алектенген "Кыргыз инкассациясы" ЖАКынын кызматкерлери терезеси караңгылатылган унаа менен жүрүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0