Колу-буту үзүлгөндөргө жардам берип... МАИчиге айланган таксист Ысманов менен маек

© Sputnik / Мирбек СакеновКурсант ГУОБДД Бишкека Азизбек Ысманов
Курсант ГУОБДД Бишкека Азизбек Ысманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт баланын атасы 29 жаштагы Азизбек Ысманов кичинекей кезиндеги кыялын эми орундатты. Ал өзү эңсеген сынакка айлап даярданып жүрүп милиция кызматына өтүү алдында турат. Бир нече ай мурун таксист болуп иштеген жаран бүгүн укук коргоо кызматкеринин катарына кошулмай болду.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жай жарандар арасынан жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн кызматкерлерди жумушка аларын билдирген. Жол инспектору болом дегендер 30 жашка чейин болушу керек. Мындан тышкары, армияга барып келген жана бою 170 сантиметрден кыска болбошу кажет деген шарты бар.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жаштайынан жол инспектору болууну максат кылып, акыры тилегине жеткен Азизбек Ысманов менен маек курду.

— Кайсы кесипке ээсиз?

— Ош техникалык университетинин автомобилдик техника факультетин 2017-жылы аяктагам. Кесибим боюнча жолчумун.

— Окууну бүткөндөн кийин жумуш издедиңизби? Эмнеге жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматкери болууга аракет кылдыңыз?

— Жогорку окуу жайды өткөн жылы аяктап, диплом колума жакында эле тийди. Ошондон улам жумуш издей элек болчумун. Интернеттен күч түзүмдөрүнө кызматкерлер кабыл алынып жатканын окуп сынакка катышып калдым. Негизи мектепти бүткөндө эле Ички иштер министрлигинин алдындагы академияга тапшырам деп жүргөм, бирок шартка байланыштуу окубай калдым. Бирок үмүт үзбөй жүргөм. 

© Sputnik / Мирбек СакеновАзизбек Ысманов сегиз жылдан бери Бишкек — Ош жолунда таксист болуп иштеген
Курсант ГУОБДД Бишкека Азизбек Ысманов  - Sputnik Кыргызстан
Азизбек Ысманов сегиз жылдан бери Бишкек — Ош жолунда таксист болуп иштеген

— Сынак жөнүндө сөз кылсак, катышкандар арасында атаандаштык күчтүү болдубу?

Служащий в французском легионе Болот Курманбеков - Sputnik Кыргызстан
Француз легионундагы жоокер Болот Курманбеков: шарт мыкты, бирок мекен көздөн учат
— Башында 140 талапкер чогулуп 20дан жети топкө бөлүнгөнбүз. Мен ошолордун бирине кошулуп, теория жана дене тарбия боюнча нормативди ийгиликтүү тапшырып өтүп кеттим. Биздин тайпадан саналуу эле адам өттү. Себеби жыл башында биринчи сынакка катышып өтпөй калгам. Жайында Бишкекте 1,5 айдай китеп окуп, спорт менен жигердүү машыктым. Ошол аракеттеримдин аркасында жыйынтык болду окшойт. Өзүм дагы өтүшүм керек деп максат коюп көк беттенип алгам. Башкалар өтүп сүйүнүп жатса, аябай ичиң ачышат экен.

— Бул кабарды жакын туугандар, тааныштар укканда кандай кабыл алды?

— Үй-бүлөм, туугандарым сүйүнүштү. Ал эми тааныштарым "кайсы тууганың киргизди, канча акча бердиң" деп ишенбей жатып араң ынанышты. Чынын айтсам, бир сом дагы берген жокмун. Анткени менин атам, апам тарапта буга чейин күч түзүмдөрүндө иштеген адам жок болгон. Баары эле башка тармактарда эмгектенгендер.

— Кабыл алуу коммисиясынын курамында кимдер болду?

— Сынак ачык, мыйзам бузуусуз өттү деп толук айта алам. Билимибизди жана спорттук даярдыгыбызды текшерген эки комиссия кабыл алды. Тест тапшыруу маалында камерага тартылып, көп жыл укук коргоо органында иштеген тажрыйбалуу адамдардын сынынан өттүк. 

© Sputnik / Мирбек СакеновАзизбек Ысманов кесиби боюнча жолчу
Курсант ГУОБДД Бишкека Азизбек Ысманов  - Sputnik Кыргызстан
Азизбек Ысманов кесиби боюнча жолчу

— Жыйынтык белгилүү экен да, качан кызматка киришесиз?

— Кыска мөөнөттүк окуудан өтүп юридикалык билимди жакшыртып, тапанча көтөрүүнү үйрөнөбүз. Андан соң гана форма кийип ишке киришебиз.

— Сөзсүз ар бир кесиптин кыйынчылыгы болот. Ага билек түрө даяр турасызбы?

Исполнительный директор ОО Тосор Коому Тыныбек Жукешов - Sputnik Кыргызстан
Балдарымдан коркуп Кытайдан кайтып келдим. Айылын көтөргөн жигиттин маеги
— Жаңы келген адам катары мага көп укукту берип койбойт да. Тажрыйбалуу кызматкерлерге кошуп, прокол түзгөндү, беренелерди жана жол кырсыгы болгон жерди өлчөгөндү үйрөнөбүз. Тишелүү иштерди четинен өздөштүрөбүз. Мен деле буга чейин жолдо жүрүп далай жол кырсыгын көрдүм. Жол кырсыгына кабылып өлүп калган, колу-буту үзүлүп, бети-башы сынган адамдарга жардам берген учурлар өткөн. Мындайча айтканда, психологиялык жактан даяр элемин.

— Айлык маянаңыз канча экен?

— Ошону азыр бизге айта элек. Негизи Кыргызстанда орточо айлык 10-15 миң сомдой эмеспи. Ошондой эле болуш керек деп ойлоп жатам. 

© Sputnik / Мирбек СакеновАзизбек Ысманов: негизи Кыргызстанда орточо айлык 10-15 миң сомдой эмеспи. Ошондой эле болуш керек деп ойлоп жатам.
Курсант ГУОБДД Бишкека Азизбек Ысманов  - Sputnik Кыргызстан
Азизбек Ысманов: негизи Кыргызстанда орточо айлык 10-15 миң сомдой эмеспи. Ошондой эле болуш керек деп ойлоп жатам.

— Буюрса борбор калаада иштеп калат экенсиз. Бул жакта батирде жашап, үй-бүлөңүздү камсыздоодо кыйналып кабайсызбы?

— Буга чейин Москвага чейин каттап, Бишкек — Ош жолунда таксист болуп жети жыл иштедим. Ошол убакыт аралыгында Оштогу айылга мал топтоп, жакындарыбыз менен дыйканчылык кылдык. Кудай буюрса жок эмес. Тиричилик көрүп, батирде үй-бүлөм менен жашайм. Тапканым адал болсо эле баарына жетет.

— Негизи жөнөкөй жарандар арасынан жол кыймылы коопсуздугун камсыздоого жумушка алуу туура элеби? Жыйынтыгы кандай болот деп ойлойсуз?

Ош облусундагы Ак-Буура чек ара заставасын жетектеген 30 жаштагы капитан Элдияр Орозов - Sputnik Кыргызстан
Чек арачы Элдияр Орозов: бири-бирибизди көрүп дароо автоматты октодук...
— Сынакка күч түзүмдөрүндө иштеп жүргөн кызматкерлер деле катышты. Менимче бул жакшы демилге. Анткени биздейлерге буга чейин мындай мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Дегеним жумушка орношуу үчүн акча сураган учурлары болчу. Эмнеге чымыр денелүү, жогорку билими бар, өзүнө тың жаштар укук коргоо органдарына өтө албашы керек. Акча, таанышына ишенбей өзүнүн дараметине таянгандарга жакшы мүмкүнчүлүк болду. Жыйынтыгы сөзсүз болот, кызматкерлери таанышына таянбай таза иштөөгө аракет жасайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0