Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Ош облусундагы "Ак-Буура" чек ара заставасын жетектеген 30 жаштагы капитан Элдияр Орозов менен маек курду.
— Сиз бул жоопкерчиликтүү кесипти кандайча аркалап калдыңыз?
— Жаш кезимден эле аскер формасын кийип чек арачы болууну эңсеп жүрчүмүн. Мектепти бүткөндөн кийин жарандык милдетимди аткарып аскерде кызмат өтөп, кийин келишимдик негизде иштеп калдым. Андан соң борбор калаадагы жогорку аскердик окуу жайын аяктап, ошондон бери ушул тармакта эмгектенип келем.
— Жаңы жоокер болуп келген учур эсиңизде болсо керек. Ошондон бери аскер кызматкерлерине мамиле өзгөрдүбү?
— Сиздер кайтарган аймакта кезинде Өзбекстан менен такталбаган тилкелер бар эле, азыр абал кандай?
— "Ак-Буура" чек ара заставасына караган жерлерди эки өлкө биргеликте тактап бүткөн. Мурдагыдай көйгөйлөр жаралбай калды. Өзбекстандык кесиптештер менен мамилебиз түз, тыгыз иштешип келебиз.
— Жумушта кандай кыйынчылыктар болот?
— Кыйынчылыктар болбой койбойт да, анча-мынча ысык-суугуна чыдайбыз. Чек арачылар элге окшоп жакшылык, жамандыктарга өз убагында бара албай калат. Көйгөйүбүз ошол, эмгек өргүү алганда гана атайын убакыт бөлүп катташкан туугандарыбызга конокко жөнөп калабыз.
— Чек арадан кетип, башка иш менен алектенүү оюңузга келгендир?
— Жок, кесиптештерим арасында жакшы айлык издеп же үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жумуштан кеткендер болду. Бирок мен анте алган жокмун. Өзүң сүйгөн кесипти аркалгандан кийин майын чыгара иштеп, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө аракет жасайт экенсиң.
— Кызмат өтөп жаткандар менен да иштешүү оңойго турбаса керек?
— Албетте оңой эмес, кызмат өтөгөндөрдүн арасында атасы же апасы жоктор же жүрүм-туруму начар балдар бар. Алардын айрымдары көнө албай, өз өмүрүнө кол салып ийген учурлар болот. Мындай көрүнүштөрдү алдын алуу максатында чоң иштер аткарылат.
— Өмүрүңүзгө кооптуулук жараткан окуялардын бирин эстей аласызбы?
— 2007-жылы жазында эки жоокер, бир сержант болуп күндөгүдөй нөөмөткө чыкканбыз. Ошондо Өзбекстандын аскер кызматкерлери биздин аймакта куралчан жүрүшүптүр. Анда коңшу өлкө менен чек ара тилкелери толук тактала элек болчу. Биз шак эле автоматты октоп, атууга даярдандык. Ошол учурда бүт жашоом көз алдыман чубап өттү. Ата-энем менен жакындарымды көрөмбү деген да ой келди. Себеби эки тарап тең ок чыгарууга даяр турганбыз. Кудай жалгап, застава жетекчилери сүйлөшүү иштерин жүргүзө калып тынч тарап кеткенбиз.
— Мындай кооптуу жагдайлардан алыс болуш үчүн чек арачылар дипломат болушу керекпи деп ойлойм, кандай дейсиз?
— Чындыгында эле адамдын тилин таба билүү чоң чеберчилик. Чек арага жакын жерлерде башка улуттун өкүлдөрү көбүрөөк жашаган айылдар болот. Сен алардын каада-салтын, үрп-адатын түшүнүп, жакшы мамиле түзө билишиң керек. Ошондо гана жакшы жыйынтыктар болот. Андан сырткары, биз чет элдик коноктор үчүн элдин жүзүбүз. Меймандар чек арадан өтүп баратып эң алгач биз менен учурашат. Чек арачынын кийими тыкан, сүйлөгөн сөзү орундуу болгону жакшы.