БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында чыккан өрт Көчмөндөр оюндары өтчү ат майданга тиешеси жок экенин билдиришти.
Эске салсак, буга чейин аталган ипподромдун атканасындагы 700 чарчы метр жердеги тезек күйгөнү айтылган.
ӨКМден кийин билдиришкендей, күйгөн аткана ипподромдон алыс жайгашкан.