00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:55
5 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Пересадка новогодней ели: главные правила и ошибки
16:04
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторконду даярдоодо эмнелерге маани берүү керек? — менюну эртерээк ойлонуңуз
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ремонт дорог, новые виды транспорта и смог — интервью с мэром Бишкека Айбеком Джунушалиевым
18:07
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Айым режиссерлордун VI форуму кандай жыйынтыкталды?
19:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
Безопасность СНГ: ветеран спецслужб о ключевых решениях заседания ОДКБ
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы 2024-жылы 497 миллион сом каражат үнөмдөдү
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15: Таенем "ычкынып калба" деп зекип...

Жазылуу
Кутман таң туугандар, бүгүн ден соолук темасын жазууну эп көрдүм.

Нарындыкмын. Тай жагым мал-жандуу кишилер. Жайкысын Соң-Көлдөгү жайлоого жардам бергенче эс алганы барчубуз. Көп жыл болуп кетти, анда мектеп окуучусу элем. Чакалап көтөрүп келген сүттөрдү таякем флягага көмө-көмө куюп жатты. Темир флягаларды билесиздер да, болжолу менен 30-40 литр болсо керек. Таенем боз үйдүн бир четинде кымыз бышып жаткан, мен аңгыча фляганы карыш жерге жылдырам деп үстүнөн ылдый тартып көтөрүп ийдим. Заматта жетип келип колумду шак кармаган таенем "ычкынып каласың" деп табарсык тушка ныкып койду. Көңүл деле бурган жокмун. Мен аны кайдан билейин, азыр ойлосом ыраматылык таенем жатынга күч келбесин дептир да. Азыркыга чейин "ычкынып каласың" деген сөзү эстен кетпейт. Кечээ раковинага салынган 10 литрлик чаканы түшүрүп жатканда жана машыгуу учурунда оор дөңгөлөктөрдү аңтарганда (көнүгүү катарында) ушул мээме шак дей түштү. Эми муну менен кыз-келиндерди кара жумуш жасабагыла деп айткандан алысмын. Тек гана оор нерселерди абайлап, байкап, ыңгайлуу жеринен көтөрүңүздөр.

Маалыматтарга өтөлү!

Тибиртке деген жакшы рубрика бар. Замандаштарымдын оозунан "сажда", "зыярат", "жаннат", "зына" жана диний сөздөрдү угуп калам. Аларды уккан боюнча айтып, маани-маңызын билип-билбей колдоно берген учурлар болот. Биз ошол диний сөздөрдүн чечмеленише абай салдык.

Элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Акжол Махмудов. Балбандын учурда жылдызы жанып турган убак. 19 жашта экенине карабай кадеттер, жаштар жана чоңдор арасында Азия чемпиону болду. Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынынын чечүүчү кармашында ирандык балбандын кара күчүнө багынып берди бейм, күмүш байгеге татып калды. Бул да чоң жетишкендик, бирок Акжолго да, бизге да алтын керек болчу. 

Азия оюндарынан кийин эле Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары өтмөкчү. Миң уккандан, бир көргөн артык. Кырчын жайлоосунун мелдештерге карата даярдыгы видеодо. 

Биротоло Ысык-Көл тууралуу колумнистиканы кыпчый кетейин. Кесиптешим Бегимай Бакашева жакында эле эмгек өргүүдөн келди, ал көлдө эс алып жүрүп туш болгон бир чети боорду эзген, бир чети зээнди кейиткен окуя тууралуу баяндап берди. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанда жүрөт. 11 документке кол коюлду, алар кайсылар?

Баса, ыйык жума күнүңүздөр менен. Аба ырайын карап коюңуз. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.60 (сатып алуу) жана 68.70 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кыз киши оор көтөрбөйт!

Ден соолук тилеп тилеп Гүлдана Талантбекова.

Жаңылыктар түрмөгү
0