00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Казус белли и природа войны - политолог о том, как начинаются конфликты
14:06
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:08
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эже, дароо эле аңкылдаңыз! Ысык-Көлдө ижарага зонт берген баланын кеңеши

© Sputnik / Табылды КадырбековТуристический сезон в Иссык-Куле
Туристический сезон в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Бегимай Бакашева Ысык-Көлдө эс алып жүрүп туш болгон бир чети боорду эзген, бир чети зээнди кейиткен окуя тууралуу баяндап берди.

Көл жээгиндеги пансионаттардын пляждарында зонтторду ижарага берип иштеген тестиерлерди билесиз да. Жээкке жакындап калган жерден тосуп алып, товарын өткөрмөйүнчө жандары тынбайт. "Сиз үчүн эң чоң зонтту эң арзан кылып берем" деп тыпылдап атып, тилиңди таап алгандары жагат.

Ала-Арча капчыгайындагы туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыйнап кымыз бербе, үй-бүлөсүнөн кабар ал! Чет элдик туристти туура тосуу этикети
Биз эс алган күндөрү 8-9 жаштагы Чыңгыз аттуу окуучуга кардар болдук. Абдан элпек, көздөрү бажырайган бала күндө эртең менен жээктен тосуп алат.

Бир күнү түшкү тамактан келсек зонтубуз ордунда жок. Ары карап, бери карап Чыңгызды издеп жөнөдүм. Адатта турчу жерине барсам, ордунда башка бала. "Чыңгыз берген зонт жок, өзү кайда?" десем, "Эже, аны билбейм, тээтиги дүкөндүн жанына барсаңыз, анын абасы турат. Дароо эле аңкылдаңыз. Кеп-сөзгө келбей, милиция чакырам деп тажаалдансаңыз, зонтту ордуна коюп берет. Болбосо ала албайсыз" десе болобу.

Ошентип агасын издеп барып, ошол эле жерде Чыңгызды дагы таптым. Мени менен катар дагы бир эс алуучу зонтун издеп барыптыр. Экөөбүздү көргөн агасы биздин көзүбүзчө Чыңгызды башка бир чаап калды. Ал байкуш кумга отура калып "кайсынысы кайда экенин өзүм да билбей калды-ы-ым…" деп ыйлап жиберди.

Тиги бала кеңеш бергендей, аңкылдаган деле эмесмин. Бирок агасы чаап ийгенин көрүп, жаман болуп кеттим. Колунан тартып тургузуп, ары жакта турган он чакты зонттун бирин карматып, "жүрү эми, бизге кайра орнотуп бер" деп ээрчитип жөнөдүм. Жолдо келатып "Ар бир зонтуңа номер коюп алып, берериң менен кимге, канча саатка бергениңди жазып алып иштебейсиңби, өзүңө ыңгайлуу болот да" десем, "Эже, бизде эч ким антпейт. Кайсы зонт бошой калса эле, акчасы кечке чейин төлөнгөнүнө карабай, алып кетип калышат" дейт.

Ысык-Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз туризмине өзүбүз кыянат кылганда. Көлгө келем деп көңүлү калган казак боордош
Зонтту ордуна койдуруп алып, суусундук алып келейин деп дүкөнгө барсам сатуучу кыз (көп болсо 15 жашта — авт.) чет өлкөлүк бир аялды сыртка кууп чыкты. Эмнеден улам тил табыша албай калганын түшүнгөн жокмун, бирок сатуучу "Жогол, эшек! Албасаң кой!" деп кыйкырганын уктум. Турист кыргыз тилинде айтылган сөздөрдү түшүнгөн жок деңизчи. Бирок жапжаш кыздын албууттанганын көрүп, жумшак айтканда, маанайы түшүп калыптыр. Эми ал ошол дүкөнгө эмес, Кыргызстанга келгис болгону көзүнөн эле көрүнүп турат.

Туугандар, туризмди өнүктүрсөк жыргайт элек, куунайт элек деп какшап келебиз. Анда эмнеге конокторду кыйкыртып-өкүртүп, милиция чакырганга чейин жеткиребиз? Меймандос болууну ар бирибиз өзүбүздөн баштабайлыбы?

Жеринде коноктор менен түздөн-түз иштеген адамдар тартипке келмейинче мамлекет канча аракет кылса деле жыйынтык чыкпаса керек.

Андыктан, ар бирибиз өзүбүздү, балдарыбызды тарбиялай билсек. Үй-бүлөдө "кылган кызматыңа так бол, чын дилиң менен иште, ичкен ашыңды акта" деген насааттар балага сөзсүз оң таасир этип, өмүр бою эсинде калары талашсыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0