БИШКЕК, 13-авг — Sputnik. 14-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Таласта +25…+30 градус ысык болору болжолдонду.
Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +21…+26, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34 градус болмокчу.
Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Бишкекте күндүн табы +30…+32, ордолуу Ошто +32…+34 градуска жетет.