БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Чүй проспектисинин Төрөкул Айтматов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул туурасында Бишкек шаарынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Борбор калаанын жашоочулары 15-июлдан тарта 15-сентябрга чейин аталган жол менен жүрө албайт.
Ушул аймакта буга чейин бир жарым ай мөөнөттө жылуулук өтүүчү түтүктөрдү алмаштыруу жүргөн.
Автоунаа кыймылы аталган проспектинин түндүк тарабы менен жүргүзүлөт.
Буга чейин борбор калаадагы Үмөталиев көчөсүнүн Рыскулов көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабылган.