Бишкектеги дагы бир көчө ремонтко жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековВопрос мэрии: почему не продуман объезд в районах ремонта дорог?
Вопрос мэрии: почему не продуман объезд в районах ремонта дорог? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштери 12-июлда башталат.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Үмөталиев көчөсүнүн Рыскулов көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ремонт иштери 12-июлда башталат.

"Бир айдын ичинде жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар орнотулуп, ирригациялык системалар жакшыртылат. Оңдоо иштери 12-августка чейин созулмакчы", — деп жазылат маалыматта.

Мэрия жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, алдын ала альтернативдүү жол тандап алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0