Башкы прокуратура Тарых музейин оңдолушу боюнча кылмыш ишин козгоду

© Sputnik / Светлана ФедотоваТарых музейи. Архив
Тарых музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыш иши тергөө органдарына жиберилди.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Башкы прокуратура Тарых музейин оңдоого жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Реконструкции Государственного исторического музея в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тарых музейин реконструкциялаган "СМУ-3" ишканасы тууралуу 8 факты
Ага ылайык, кылмыш иштери Кылмыш жаза кодексинин "Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу", " Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу", " Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу", " Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы" беренелери боюнча козголгон.

Башкы прокуратура менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы биргеликте жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Архитектура, курулуш жана турай жай коммуналдык чаба агенттигинин Жарандык курулуш департаментинин кызмат адамдары сатып алуу боюнча КР мыйзамдарын бузуу менен конкурс өткөрбөй туруп "С" ЖЧКсы менен оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 690 миллион 500 миң сомго келишим түзгөн. Андан сырткары, музейге жабдуу сатып алуу үчүн 869 миллион 447 миң 114 сомдук келишимге кол койгон.

"Бирок келишимде көрсөтүлгөн сумманын 1 миллиард 520 миллион 309 миң 404 сом гана "С" ЖЧКсынын эсебине которулган. Аны менен катар "С" ЖЧКсы оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча подрядчы экенине карабай музейге жабдуу алуу үчүн жана акча бөлүү боюнча чечим кабыл алынганга чейин эле жабдуу алуу үчүн немистердин "Р" компаниясы менен 8 миллион 890 миң 321 евролук келишим түзгөн. Ошол эле учурда кандай жабдууларды алып келүү керектигин немис компаниясы өзү чечкен. Жыйынтыгында музейдин концепциясына туура келбеген баасы 55 миллион 593 миң 772 сомдук жабдуулар алып келинген", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле кафетерий үчүн 23 миллион 823 миң 644 сомго алынган жабдуу мыйзамсыз түрдө экспонаттар менен чогуу бир бөлмөгө коюлуп, дээрлик колдонулбайт.

Кыргызстандын аймагынан эле табууга боло турган айрым курулуш материалдары Германиядан кымбат баада алып келинген.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Иманалиев: Тарых музейиндеги 14 миң евролук аттар эшекке окшошуп турат
Тергөө учурунда "С" компаниясы менен "Р" компаниясынын ортосунда чет элдик валютада мыйзамсыз түзүлгөн келишимден улам евронун сомго болгон катышынын айырмасы 42 миллион 311 миң 428 сомду түзгөнү аныкталган.

Андан сырткары, Эсеп палатасы түзгөн акт боюнча оңдоо иштерин жүргүзгөн "С" ЖЧКсы жасалган иштердин наркын 20 миллион 310 миң сомго жогорулатып көрсөткөн.

Ошентип жыйынтыгында бюджеттен бөлүнгөн каражаттын 118 миллион 215 миң 200 сому мыйзамсыз коротулган.

Кылмыш иши тергөө органдарына жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0