Түлеевдин үй-бүлөсү мүлкү боюнча президент Жээнбековго кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мурдагы мэри жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеев. Архив
Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын мурдагы мэринин үй-бүлөсү Жогорку Кеңешке, Жогорку сотко, Башкы прокуратурага жана башка органдарга кайрылганын, бирок эч кандай жооп болбогонун айтышты.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин жубайы менен эки баласы президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат менен кайрылды.

Алар Жогорку Кеңешке, Жогорку сотко, Башкы прокуратурага жана башка органдарга бир нече жолу кайрылганын, бирок эч кандай жооп болбогонун айтып нааразы болушту.

"Бардык нормаларды жана адам укугун коргоо жаатындагы эл аралык актыларды бузуу менен биздин мал-мүлктү басып алуу жана андан чыгаруу улантылып жатат. Алар бир дагы мыйзамдуу жол менен камакка алууга жатпайт, бул тууралуу бир нече жолу жазганбыз. Бирок айрым органдар тандалмалуу саясат жүргүзүп, түшүнүксүз схема менен үйлөрдүн бирин тартып алууга аракет кылып жатышат", — деп айтылат катта.

Түлеевдин үй-бүлөсү президенттен мамлекеттик түзүлүштө иштеген кызматкерлерден, көз карандысыз эксперттерден турган комиссия түзүп акыркы чечим кабыл алууну суранган.

Алар өз кайрылуусунда эптеп эле бир чечим кабыл албоо керектигин айтып, адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукту жана Конституцияны сактоону өтүнүшкөн.

Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев өзү менен кошо "ала кеткен" саясатчылар
Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы коррупция беренеси менен айыпталып, 2008-жылы Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барган делип кылмыш иши козголгон.

2013-жылы Ленин райондук соту Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылы декабрда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ал эми туура бир жылдан кийин Жогорку сот эки инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Нариман Түлеев мамлекетке 60 миллион сомду кайтарып берип, 2016-жылы 7-майда эркиндикке чыккан. Бул сумманын жарымын акчалай, калганын кыймылсыз мүлк (11 батир) менен төлөп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0