Бишкек мэриясы товары күйгөндөргө бир жолу көрсөтүүлүүчү жардам катары 488 кишиге 10 миң сомдон берген. Өрт фактысы боюнча Кылмыш жаза кодексинин 174 (Мүлктү атайылап жок кылуу же бүлгүнгө учуратуу) жана 238-беренелеринин (Өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Андан сырткары, "Берекет" базарынын директору менен өрт коопсуздугу боюнча жоопкер кызматкер кармалганын Бишкек ШИИБинин тергөө кызматынын жетекчиси Нурлан Молдалиев билдирген болчу.
Мэрия өрттөнгөн аймактар калыбына келтирилгичекти соодагерлерге "Берекет – Гранд" соода борборунан, Кулиев көчөсүнөн, Киев көчөсүндөгү жер алдындагы өтмөктөн соода кыла турчу жер бөлүп берген. Андыктан учурда бул жердеги абал кандай экенин жеринен барып билип, сүрөткө тартып келдик.
Ош базарынын аймагындагы "Берекет" майда дүң базарынын өрттөнүшү жыл жаңыргандан берки үчүнчү кырсык болду. Ага чейин 30-январда жана 5-мартта өрт чыккан болчу.
© Sputnik / Табылды КадырбековСоодагерлер эртең менен эрте келип күндөн коргонуучу калканчтарын коюшат

Соодагерлер эртең менен эрте келип күндөн коргонуучу калканчтарын коюшат
© Sputnik / Табылды КадырбековБазарда соода таң атпай эле башталат

Базарда соода таң атпай эле башталат
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ош" базардан эттен тарта бардык товарды сатып алууга болот

"Ош" базардан эттен тарта бардык товарды сатып алууга болот
© Sputnik / Табылды КадырбековКол арабага жүктөлгөн манекендер

Кол арабага жүктөлгөн манекендер
© Sputnik / Табылды КадырбековСоодагерлер товарын сатуу үчүн бардык айласын жасайт

Соодагерлер товарын сатуу үчүн бардык айласын жасайт
© Sputnik / Табылды КадырбековБазардагы бир күн

Базардагы бир күн
© Sputnik / Табылды КадырбековАкыркы болуп өрттөнгөн "Беркет" базарынын алды

Акыркы болуп өрттөнгөн "Беркет" базарынын алды
© Sputnik / Табылды КадырбековКардар менен сатуучу

Кардар менен сатуучу
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ош" базарынын кире беришиндеги жайма базар

"Ош" базарынын кире беришиндеги жайма базар
© Sputnik / Табылды КадырбековЖер-жемиштер бышып, сатыкка чыкты

Жер-жемиштер бышып, сатыкка чыкты
© Sputnik / Табылды КадырбековБейшеналиева менен Киев көчөлөрүнүн кесилиши дайыма жык-жыйма

Бейшеналиева менен Киев көчөлөрүнүн кесилиши дайыма жык-жыйма
© Sputnik / Табылды КадырбековКуйкалаган ысыкта суусунду кандырып, бирдигиң түгөнсө толуктап алсаң болот

Куйкалаган ысыкта суусунду кандырып, бирдигиң түгөнсө толуктап алсаң болот
© Sputnik / Табылды КадырбековБазарда машина айдаганды жана чет тилин үйрөтүүчү курстар да бар

Базарда машина айдаганды жана чет тилин үйрөтүүчү курстар да бар