Жолоев: "Тазалык" ишканасында болгону 1700 кызматкер иштейт
Учурда "Тазалык" муниципалдык ишканасында 1700 кызматкер бар. Алардын 700дөйү шыпырып тазалоочулар. Бул тууралуу Ильяс Жолоев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шыпырып жыйноо иштерине көбүнчө аял кишилер кабыл алынат.
"Жалпысынан болгону 1700 адам иштейбиз. Шаар тургундарынын санын карасак, албетте, кызматкерлер жетишпейт. Ошентсе да биз жылдан-жылга штатыбызды кеңейтип жатабыз. Былтыр бир жыл аралыгында эле кошумча 80 адам катарыбызды толуктады. Ошондой болгон күндө да биздин калктын тазалыкка болгон маданияты жогоруламайын, иштин жыйынтыгы көрүнбөйт", — деди Жолоев.
Ал ишкананын кызматкерлери өз ара абдан ынтымактуу экенин кошумчалады.