Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып ал саясатчы жолдошу, кесиби, балалыгы жана кыргыз аялдары тууралуу айтып берди.
— Төрт-беш ай мурун да маекке чакыралы десек жаңы эле көз жарганыңызды айткан элеңиз. Кичинекей чоңоюп жатабы?
— Жакшы, буюрса. Үч жарым ай болуп калды, кыздуу болгонбуз. Көкүрөк күчүгүбүзгө баарыбыз азыр үйрүлүп түшүп ошону эле карап жаткан чагыбыз. 20 жашта эне болгон менен азыркы учурду салыштырып болбойт экен.
— Канчанчысы?
— Төртүнчүсү. Ага чейин эки уул, бир кызыбыз бар болчу, эми эки кыз, эки эркек болду.
— Турмушка эрте чыккан окшойсуз…
— Ооба. 19 жашымда эле чыгып, 20 жашымда уулдуу болдум. Анда жогорку окуу жайда билим алып жүргөн кез, жашмын да, апамдар каралашып чоңойтушту. Андан кийин удаа эле кыздуу болдук. Ошентип өзүм бала болуп жүрүп эле эки наристем кандай чоңойгонун билбей калгам.
— Тез эле жумушка чыккан окшойсуз?
— Мен башынан эле аял жөн гана эне, жубай эле болбостон инсан катары да калыптанышы керек деп максат койгом. Себеби күйөөнүн да, балдардын да аялга болгон талабы мезгил өткөн сайын өзгөрүп турат экен. Мисалы, күйөөң жаңы алганда "келинчегим үйдө отуруп, тамак жасап мени тосуп алса" деп ойлосо, 10-15 жыл өткөндөн кийин ага сөзсүз түрдө кеңешчи керек экенин сезет. Мындан улам өзүмө-өзүм үйдө отурган эле аял болбойм деп талап койгом. Бирок башка үйдө отурган кожойкелерге каршылыгым жок. Бул ар бир адамдын өз каалоосу жана тандоосу. Алардын түйшүгү иштеген аялдардыкынан эки эсе оор экенин да билем.
— Бала менен көп жыл үйдө отуруп калган учур болгон эмес беле? Бул мезгилде аялдар депрессияга кабылат дегенге кандай карайсыз?
— Турмушка эрте чыгууңузга ата-энеңиз каршы болгон эмес беле?
— Жолдошум менден 10 жаш улуу. 30га чыкканда үйлөнөм деп өзүнө сөз бериптир. Бул жерден ал эрктүүлүк кылып кетти окшойт. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштаганыбызга деле аз эле болгон. Бир күнү күтүүсүз жерден колумду сурады. Эмне деп айтаарымды билбей "апаман сурайын" дегем. Азыр эстеп алып "сен ошондо романтиканын баарын бузгансың" деп күлө берет. Ата-энеме айтсам, атам "бүгүн мен сага жок деп коюп, кийин бактың ачылбай калса баягы балага тийсем бактылуу болмокмун деп өкүнбө" деди. Ошентип ата-энебиздин макулдугун алып үйлөндүк. Азыр мага 18-19 жаштагы кыздар кичинекей эле көрүнөт, бирок ал кезде өзүмдү чоң эле сезсем керек.
— Кайдан табышып калдыңар эле?
— Экөөбүздү анын таежесинин баласы тааныштырган. Таанышкандан кийин бат эле кыз-жигит болуп сүйлөшүп, 4-5 айдан кийин эле баш кошконбуз.
— Ата-эне демекчи, балалык күндөрүңүз, туулган жериңиз тууралуу да кеп кылсаңыз?
— Эми мынча болду, жолдошуңуз тууралуу да айта кетсеңиз.
— Жыргалбек Турускулов Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча юрист, экономист. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери.
— Депутаттын жубайына ар түрдүү маселелерди чечүү жеңил болсо керек?
— Жолдошум мурун кандай болсо азыр деле ошондой. Кыйын же жеңил деп да айта албайм. Эл өкүлү башка адамдардан эч нерсеси менен айырмаланбайт. Тескерисинче, алар элге кызмат кылат. Эч качан "мен депутаттын аялымын" деп кырдаалдан чыгып кеткен учур болгон эмес, болбойт дагы. Негизи мен андай нерселерди жаман көрөм. Анын кызматын мен антип колдонбошум керек.
— Эл өкүлү үйдө кандай адам?
— Атабыз үйдө талапты катуу койгон, ошол эле учурда камкор, мээримдүү ата. Жаңы үйлөнгөндө экөөбүз өз милдеттерибизди бөлүштүрүп алганбыз. Ошолорду так аткарганга аракет кылабыз. Айрымдары "күйөөң депутат болгондон кийин убактысы аз болуп калдыбы, көрбөй калдыңбы" деп сурашат. Андай чоң өзгөрүү деле байкалган жок, себеби ал үй-бүлөдөгү коюлган талаптардын баарын убагында аткарат. Ошол эле учурда менден да "кантип баарына жетишесиң" деп сурагандар бар. Мага да "жетишсең иште, болбосо иштебе" деген талап коюлган. Андыктан адам кандай кызматка келбесин үйдөгү, үй-бүлөдөгү милдетин так билсе эч нерсе деле өзгөрбөйт.
— Кесибиңиз тууралуу да кеп кылсак. Башында НТС телеканалынын "Таң шоола" таңкы берүүсүн алып барып жүрчүсүз, азыр болсо жаңылыктар бөлүмүндө дикторсуз. Эмне себептен жаңылыктарга өтүп кеттиңиз?
— "Таң шоола" берүүсүнө барайын деген оюм деле жок болчу. Башында "Элет" деген берүүнү алып барып калдым. Ошол учурда жетекчилик "Таң шоолага" алып баруучу таппай "бир жыл иштеп бер" деп өтүнгөн. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры макул болдум. Бирок өкүнгөн жокмун. Себеби ал жактан да чоң сабак алдым. Көңүл ачуучу берүүлөрдө алып баруучунун сөз байлыгы кенен болуш керек эмеспи. Эфирде такалып калбайын деп түнү менен том-том китептерди окуп, эртең менен кайра эфирге чыкмай. Макал-лакап, элдик көөнө сөздүн баарын жаттап чыктым окшойт. Китеп колуман түшпөй, күнүмдүк турмушта да макалдатып сүйлөп калгам (күлүп). Тилинен бал тамган Чыңгыз Мырзаев менен иштешип калдым. Ал дайыма "макал айткан жагынан Мира менин атаандашым" деп тамашалай берчү. Ошентип "Таң шоолада" бир жылдан ашык иштедим.
— Дикторлук менен айырмасы чоң болсо керек?
— Экөө тең теленин бир бөлүгү болгону менен эки башка тармак экен. Бири жеңил, бири оор деп айта албайм. Анткени жаңылыктарда кабарчы жазып берген тексттерди өзүндөй кылып окууга да техника жетиштүү болушу керек. Эки жакта тең жоопкерчилик көп. Көңүл ачуучу берүүдө болсо сага эч ким текстти даярдап бербейт, өзүң изденесиң.
— Теле тармагына кокустан келип калган адамдардын катарын толуктабайсызбы?
— Жеке ишкерлик менен да алектенет экенсиз.
— Үч жыл болуп калды, корей косметикасын сатып жатабыз. Бул идеяны бир эже сунуштап калды, ага чейин да эки-үч жолу Түштүк Кореяга барып келгенбиз. Ойлонуп көрүп баягы эженин кызы экөөбүз улуту корей, бирок Бишкекте жашаган адам менен кеңешип Кореядан атайын бренд сатып алдык. Башында аз-аздан алып келип өзүбүз колдонуп, тууган, досторго сунуштадык. Андан соң айымдар бири-биринен угуп эле келе баштады. Бул тармак да мен үчүн өтө маанилүү болду. Башында элге таанылыш үчүн өзүм сатуучу болуп иштеп жүрдүм, аялдар менен сүйлөшүп, кеңеш берип соода кылганды жакшы көрөөр элем. Андан соң кардарлар бири-биринен угуп келип, буюрса азыр жолго коюлуп келе жатат.
— Сатуучу болсоңуз байкасаңыз керек, кыргыздын аялдары өзүнө канчалык көңүл бурат?
— Саясатка жакынсызбы?
— Таптакыр ишим жок деп айта албайм. Анткени кесибим ошого байланыштуу болгондуктан коомдо болуп жаткан нерселерди билип турушум керек. Бирок бир үй-бүлөгө бир эле саясатчы жетет (күлүп).
— Кайрымдуулук иштери менен да алектенет экенсиз?
— Ооба, үч жылдан бери Токмоктогу бир үй-бүлөгө жардам берип келебиз. Ал келин өзү майып, үч эм төрөгөн. Ошол үй-бүлөнү камкордугубузга алып, ал-абалын сурап, шаарга келгенде жардам берип, байланыштабыз. Мындан сырткары, ар түрдүү кайрымдуулук акцияларга да катышам.