Гүлназ Өмүрбек кызы: экс-президенттин жанына отурарымды укканда чочуп кеттим

© Sputnik / Табылды КадырбековЧлен организационного отдела фракции СДПК Гулназ Омурбек кызы
Член организационного отдела фракции СДПК Гулназ Омурбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДПнын жабык өткөн курултайында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жанына отуруп калган кызга кызыккандар көп болду. Көпчүлүктө "бул кайдан келген, эмне болгон кыз, мурдагы ажонун жанына кандайча отуруп калды" деген суроо туулду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Гүлназ Өмүрбек кызы менен кечээ эле байланышып, ал тууралуу факты даярдаган. Бүгүн өзүн маекке чакырып, коомчулуктун реакциясын кандай кабыл алганын сураганча жеке жашоосу тууралуу сүйлөштүк.

© Фото / секретариат фракции СДПКГүлназ Өмүрбек кызы: съездге келгенден кийин эле ар бирибиздин ордуларыбыз жазылып туруптур. Менин фамилиям Алмазбек Атамбаевдин тизмесинин жанында экен. Башында окуп чочуп кеттим
Закрытое заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Гүлназ Өмүрбек кызы: съездге келгенден кийин эле ар бирибиздин ордуларыбыз жазылып туруптур. Менин фамилиям Алмазбек Атамбаевдин тизмесинин жанында экен. Башында окуп чочуп кеттим

— Гүлназ, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Саясатка көптөн бери кызыгасызбы?

— Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Тосор деген айылында төрөлүп, 11-классты ошол жактын мектебинен аяктагам. Учурда 25 жаштамын. Мектепте окуп жүргөндө эле активдүү кыздардын катарын толуктачумун. Коомдук иштердин баарына катышып, "Адам жана коом" деген сабактан олимпиадаларга катышып жүрчүмүн. Ар түрдүү райондук, облустук дебаттарга да мектептин атынан мен бараар элем. Түшүнсөм, түшүнбөсөм деле 6-7 классыман баштап парламенттин жыйындарын көрүп, жаңылыктарды да үзбөй укчумун. Ал кезде Алмазбек Атамбаев премьер-министр болчу, аны саясатчы катары баалачумун, мен эле эмес, биздин үй-бүлө мүчөлөрү да абдан жакшы көрүп, сыйлайт.

— Бирок кесибиңиз боюнча дипломат экенсиз. Бул тармакты да жөн жерден тандап калбасаңыз керек?

Отечественная предпринимательница Фатима Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Сеулда сейилдеп жүрүп, акча толо капчык таап алдым. Кыргызстандык кыздын чыйыры
— Айылда дипломат бир байке бар эле. Ал мен үчүн өзгөчө үлгүлүү адам болчу. Ошол кишини көрүп, суктанып жүрүп акыры окууну бүткөндө "мен да дипломат болом" деп чечкем. Мектепти ийгиликтүү аяктап жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алдым. Башкалардай болуп "кайсы кесиптин ээси болом" деп ойлонбой эле эл аралык мамилелер факультетин тандадым. Бирок бул факультеттин акысы көп экен. Ага карабай ата-энем "сенден бир нерсе чыгат, кайсы окууда окуйм десең да акчасына карабай окутабыз" деп калды. Ошону менен Улуттук университеттин эл аралык мамилелер факультетинде билим алып калдым.

— Азыр кесибиңиз боюнча иштейсизби?

— Жок, буюрса кийин иштейм деген ойдомун. Азырынча КСДП партиясында эмгектенем.

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлназ: саясатты деле шумдук билем деп айта албайм. Болгону мага коомдук жумуштарда эл менен иштеген абдан жагат
Член организационного отдела фракции СДПК Гулназ Омурбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Гүлназ: саясатты деле шумдук билем деп айта албайм. Болгону мага коомдук жумуштарда эл менен иштеген абдан жагат

— Партияга кандайча кирип калдыңыз эле? Негизи кыздардын көбү саясаттан алысыраак эле болот эмеспи…

Модель и управляющая отелем Жамиля Асангулова - Sputnik Кыргызстан
Тизелегенине карабай баш тарттым. Бишкектик модель кыздын сыры
— Саясатты деле шумдук билем деп айта албайм. Болгону мага коомдук жумуштарда эл менен иштеген абдан жагат. 2011-жылы 1-курсту бүтүп жатканда өлкөдө президенттик шайлоо башталып, ага КСДП партиясынан Алмазбек Атамбаев да талапкерлигин коюп калды. Өзүмдүн таасирленген кишимди колдош керек болуп, университеттен чыгып алып партиянын штаб-квартирасын издеп барып, алгач үгүтчү болуп иштеп жүрдүм. Мага ал жакта иштеген иштин өзү, адамдардын баары жагып, жумушка кызыгып, ошол жакта калып калдым.

— Учурда партияда эмне иш кыласыз?

— Партиянын Ленин райондук уюмунда куратордун жардамчысымын. Ал жакта коомдук кабылдамага ар түрдүү маселе менен элден кат келет. Ошол каттарды республикалык штабга алып барып берем же адам кабыл алабыз. Анан партиянын атынан майрам күндөрү ар түрдүү иш-чараларды уюштурабыз.

— Съездде экс-президенттин оң тарабында туруп калышыңыз көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды окшойт. Сизди атайын тандап отургузуштубу?

— Негизи алдыңкы катарга Алмазбек Атамбаевдин жанына отуруп калам деп мен деле күткөн эмесмин. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, партиянын мүчөсү Жаныбек Абиров экөөбүздү алдыңкы катарга отургузууну уюштуруу бөлүмүндө иштегендер чечиптир. Кандай критерий менен тандап койгонун өзүбүз деле билбейбиз. Съездге келгенден кийин эле ар бирибиздин ордуларыбыз жазылып туруптур. Менин фамилиям Алмазбек Атамбаевдин тизмесинин жанында экен. Башында окуп чочуп кеттим. "Алмаштырып жазып алган жоксуздарбы" деп сурасам "жок, атайын жаштарды алдыңкы катарга койдук, барып отура бер" дешти уюштуруучулар. Бир убакта экс-президент келип, баарыбыз менен жылуу учурашып жаныма келип отурду.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваГүлназ Өмүрбек кызы кичине кезинен эле саясатка кызыгып келгенин айтты
Член организационного отдела фракции СДПК Гулназ Омурбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Гүлназ Өмүрбек кызы кичине кезинен эле саясатка кызыгып келгенин айтты

— Буга чейин жанынан көрдүңүз беле?

— Жок. 2011-жылы жаңы президент болуп шайланганда трибунадан алыстан эле бир көргөм. Андан соң президент болуп партиянын ишине көп деле кийлигишкен жок. Ушул съездде эле Алмазбек Шаршеновичти жанынан биринчи көрүп, өмүрүмдө бир катарда биринчи жолу отурдум. Башында башкача сезимдер болду. Андан кийин көп деле толкунданган жокмун. Бирок ал күнү кечке өзүмдү бактылуу сезип, жакшы маанайда жүрдүм.

— Экс-президент менен бирге түшкөн сүрөт желдей тарады. Ата-энеңиз, жакындарыңыз кандай кабыл алышты?

Диктор и PR-консультант телеканала НТС Нуркамал Турсунбекова - Sputnik Кыргызстан
Диктор Нуркамал Турсунбекова: балалыгым аскер шаарчасында өттү
— Съезд башталганда сүрөткө тартып жатышкан, бүткөндөн кийин телефонумду күйгүзсөм досторуман "интернет сайттардан сени көрдүк, бул ким деп жазып жатышат" деген толтура каттар келиптир. Ата-энем да дароо көрүптүр. Абдан сүйүнүштү, кубанышты. Бирок ал сүрөттөн менин жашоом өзгөрүп кетти деп айта албайм. Болгону партиянын жаштары катары партия өкүлдөрү менен бир катарда отурдук да.

— Чакан ишкерлик менен да алектенем деп жаткансыз…

— Ишкерлик деп деле айта албайм. Атургай дүкөн да эмес. Болгону интернет аркылуу буйрутма берип, кайра интернеттен кийим сатып иштейм.

— Кийин кайсы тармакта иштейм деп ойлойсуз?

— Өзүмдү кийин депутат болом деп деле элестетпейм. Дипломат болуу үчүн да көп иштеш керек. Анан дипломаттардын жумушу көбүнчө чет жактарда болгондуктан азырынча башка өлкөдө иштөө дагы оюмда жок. Анын үстүнө эркек болсо да көп жумуш жараша берет экен, аял киши турмуш куруп, балалуу болуп аны чоңойтушу керек. Мындан улам аял кишиге ишкерлик ыңгайлуу окшойт деп ойлоп коем. Ошондой эле коомдук иштер менен алектенүүмдү да таштабайм. Баарын убакыт көргөзөт да. Буюрса ушул жылы дагы бир окууга тапшырып экономикалык билим алсамбы деп жатам.

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлназ Өмүрбек кызы: сүйлөшкөн жигитим бар. Ал адам өзүмөн үч жаш улуу, ишкер
Член организационного отдела фракции СДПК Гулназ Омурбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Гүлназ Өмүрбек кызы: сүйлөшкөн жигитим бар. Ал адам өзүмөн үч жаш улуу, ишкер

— Жеке жашооңуз тууралуу сурабай кетсек болбос Турмушка чыга элек экенсиз, сүйлөшкөн жигитиңиз барбы?

— Ооба. Сүйлөшкөн жигитим бар. Ал адам өзүмөн үч жаш улуу, ишкер.

— Социалдык тармакта көп эле отурасызбы? Эмнегедир сизди табуу кыйынга турду…

— Негизи Facebook тармагына эле кирип жаңылык эле окуганым болбосо көп деле кирбейм. Ал эми Instagram баракчасында активдүү деле эмесмин. Негизи эле өзүмдү жарнамалаганды жактыра бербейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0