16 жашында ала качуунун азабына калган келин: үч ирет атайын боюман түшүрдүм

© Sputnik / Табылды КадырбековТерезенин жанында турган кыз. Архив
Терезенин жанында турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25 жашында беш баланын энеси болгон Чынар (аты өзгөртүлдү — ред.) турмуштун оор запкысына кабылган аялдардын бири. Кайын-журт, күйөөсүнөн кордук көргөн келин акыры чыдабай калганда качып чыгып, өлкөдөгү кризистик борборлордун биринде жашап жатыптыр.

16 жашында ала качуунун курмандыгына айланган келин Sputnik Кыргызстан агенттигине аянычтуу тагдырын айтып берди.

16 жашымда келин болдум

В память о Бурулай. В Кыргызстане сняли фильм про кражу невест — видео - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын элесине... Кыз ала качуу тууралуу тасма тартылды. Видео
Апам менен Бишкекте окуу жайлардын биринин жатаканасында турчубуз. Турмуш-шартыбыз начар болгондуктан орто билимди толук ала албай, мектептен чыгып кеттим. Үйдөгүлөргө жардам берейин деп калаадагы тигүү цехтеринин бирине жумушка орношуп иштеп жүрдүм. Анын үстүнө атам да жок болчу. 16 жашка чыкканда мурун-кийин таанып көрбөгөн балдар ала качып кетти. Алыска эмес, Бишкектин жаңы конуштарынын бирине. Көрсө, кайненем мен тууралуу таанышынан угуп, күйөөм экөө бир ай байкап, аңдып жүрүптүр. Чыр салдым, ыйладым, бирок кете алган жокмун. Ошол күнү эле апам менен эжем артыман кубалап келди. Бирок ала качып келген жер аларды мага жеткирбей эле "кызың шумдук жерге келди" деп жибитип коюптур. Апам "кетип калсаң кемпирлердин каргышына каласың го" деп калтырып кетти. Айла жок, тагдырга моюн сунуп жашап калдым. Бирок күйөөмө бой салган жокмун, бук болдум, ыйладым…

Келгениме 10 күн болгондон кийин бир тууган байкем каза болуп калды. Күйөөм намаз окугандыктан үйдөгүлөр аны сөөк жууганга киргизиптир. Сөөк коюлуп келери менен кан жутуп отурган апамды кайненем беттен алып "жаңы күйөө балаңды сөөккө киргизесиң" деп айтпаган сөздү айтып, үйгө барганда мага да асылып баштады. Мага эле асылса жакшы да, үй-бүлөмдү кошо жамандап, айтор өлгөндүн үстүнө көмгөн кылды. "Үй-бүлөмө асылбагыла" десем күйөөмдү мага кайрап "аялың эмитен айтышат, кийин көөп кетет, чаап сал да" деп мени келгениме бир ай боло элек жатып сабатты. Жаңы турмушум ошентип токмок менен башталды…

Төрөгүм келбей үч жолу атайын боюман түшүрдүм

Кайненем биринчи кызымды төрөгөндө эле "баланы бага албайсың, ушинтип кантип баксын" деп колуман тартып алып мени басынтканын койгон жок.

Ал келе жатканда кызымды эмизип жаткан жерден коркуп калчылдап калчумун. Ортодон кошунабыз "бакчага тарбиячы керек" деп кайненемди убактылуу жумушка орноштурду. Жашообуз майрамга айланды, ал келгичекти жыргап жүрөбүз да саат 4төн баштап баягы жашоо…

Бакчада көпкө иштеген жок. Кээде эле жакшы сүйлөгөнү болбосо үйдө эки күндүн биринде уруш. Баласын кызгангыдай күйөөм жалгыз деле бала эмес. Үч эркеги бар. Бирок башкалары аялдары да жогорку билимдүү болгондуктан аларга тилин тийгизе алчу эмес. Жинин менден эле чыгарчу. Анысы аз келгенсип, күйөөм сабап, айтор, төркүнүмө 10 барып 10 келдим. "Бара-бара оңолоор" деп апам кайра кошуп берет. Ошентип жүрүп беш баланы төрөдүм. Төртүнчү балам да оорукчан болуп калды. Каалабай, төрөгүм келбей бир жолу боюман алдырсам, кайненем күйөөмө "аялың сага айтпай боюнан алдырыптыр" деп дагы сабаттырды. Ошондон кийин боюма бүтүп калса, атайын эле оор жүктөрдү көтөрүп үч жолу түшүрдүм. Азыр кичүү уулум 1,5 жашта, улуу кызым тогузда.

Кайненем мага кол көтөрүп, балдарымды да сабачу

Үчүнчү кызымды үйдөн төрөгөндүктөн күйөөм мурункудай сабап, кол көтөрбөй мени аяп калды. Аны кайненем көрө албай өзү колун тийгизе баштады. Урушканынан жооп берсем чачтан алып, түртүп, айтор, айламды кетирчү. Анын мындай кылыгын кайни-кайын сиңдилерим деле көргөн. Өзү дубалды сүзүп туруп жолдошум келгенде "аялың мени сабады" деп дагы жаман көрсөтчү. Бирок кыздар-балдары апасынын мындай кылыгын кийин билишти. Бир нерсе десем "кайда барасың, колуңан эмне келет" дечү… Балдарыбызды да биз жокто камап алып аябай сабачу экен. Аны бизге кошуналар айтып берчү. Бирок кайненемди психологиялык жактан ооруйт деп да айта албайсың.

Аргам кетип, үйдөн качып кеттим

Случаи ала качуу в КР - Sputnik Кыргызстан
Жеңелер кармап берип зордуктаткан. Ала качууга тушугуп, кордолгон 7 келиндин окуясы
Ушундай үй-бүлөдө 9 жыл жашадым. Азыр ойлосом коркуп да кетем. Кол көтөргөнү көбөйүп, мурункудан да жаман мамиле кыла баштагандан тажап, кичүү баламды алып үйдөн чыгып кеттим. Төркүнүмө келдим, бирок көпкө тура алган жокмун. Аларга ашка жүк башка жүк болгум келген жок. Элден угуп ушул борборду издеп таап келип отурган чагым. Күйөөм да кайненем да менин кайда экенимди билбейт, телефонум өчүк. Кийинки жумада бул жактагылар менен калган балдарымды алып келсемби деп жатам. Алар менен жашоону улантыш болбой калды. Чыдамым, айлам түгөндү. Башкача жашоо баштагым келет. Убактылуу жашай турган жай тапсам, балдарымды иштеп өзүм эле багып алат элем. Таянайын десем төркүнүмдүн колунан деле эч нерсе келбейт. Айла жок, коомучулуктан жардам суроого туура келүүдө…

Кризистик борбордун жетекчисинин айтымында, Чынар учурда аталган жайда жашап турат. Бирок балдарын алып келгенден кийин борбор аны бир жумага чейин эле карап бере алат. Мындан улам жардам бере ала турган жарандардан колдоо күтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0