БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бүгүн, 8-июнда, Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Көй-Сай айыл аймагында ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, шамал саат 10.00-11.00дөр чамасында болуп, Көк-Сай айылындагы мектептин чатырын каңтарып кеткен.
© Фото / пресс-служба МЧС КРШамал Көк-Сай айылындагы мектептин чатырын каңтарып кетти
Шамал Көк-Сай айылындагы мектептин чатырын каңтарып кетти
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Тактоо иштерин жүргүзүү үчүн жерине Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти.