БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Борбор калаада "Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагында ат салышчу кыздар тандалды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюштуруучу Рыскүл Намазбекова билдирди.
Анын айтымында, сынакка катышуу үчүн 90го чукул бийкеч табыштама жиберген. Анын ичинен кечээ, 20-майда, тандоо турунун алгачкы этабынан 25 кыз өтүп сынакка катышууга укук калган.
Ал эми финалдык бөлүгүн июль айынын аягында Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү пландалууда. Андан баш байгени жеңип алган чүрөк таажы жана автоунаага ээ болот. Мындан сырткары, ага акчалай сыйлык тапшырылып, эл аралык сынактарга да катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Өткөн жылы бул сынактын жеңүүчүсү болуп Аделина Эмилбекова табылган.