Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Президенттин дайынсыз жоголгон чоң атасы...

© Sputnik / Табылды КадырбековМарш "Бессмертный полк" в Бишкеке
Марш Бессмертный полк в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Жеңиш күн кут болсун!

Согуш…төгүлгөн кан… күтүү… үмүт… жеңиш! Эмне деген күндөр, сезимдер, элестетүү кыйын. Бирок биздин чоң ата, чоң энелерибиз ошондой күндөрдү баштарынан өткөрүштү. Жеңишке 10, 20 мүнөт жетпей, кан майданда кыйылып калган өмүрлөрчү?… Көзү тирүү маалында согушту баяндаган ардагерлердин кебин укканда жүрөк ыйлайт. Жеңиш күн, бейпил жашоо үчүн аталар, апаларга ийилип таазим этебиз!

Кечээ бүткүл СССРдин курамындагы өлкөлөр Жеңиш майрамын белгилешти. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Борбор калаада, Бишкекте 45 миң адам "Өлбөс полк" акциясына чыгышты

Жөө жүрүштү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков баштап, согуштан кайтпай, дайынсыз жоголгон чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековМарш "Бессмертный полк" в Бишкеке
Марш Бессмертный полк в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Марш "Бессмертный полк" в Бишкеке

Иш-чара Жеңиш аянтында уланып, өлкө башчы бардык ардагерлерди майрамы менен куттуктады.

Аймактарда да бул күн өзгөчө белгилениптир.

Жеңиш күнү жакшы жаңылыктарга бай болду. Бишкекте 20 жылдан бери бала жытына зар болуп жүргөн эне үч эм төрөп, кубанычы койнуна батпай жүргөн кези экен. Баса, балдарын ал жасалма уруктандыруу жолу менен төрөптүр.

Чолпон-Атада өткөн көк бөрү боюнча мелдеште Ош облусунун "Достук" жана Талас дубанынын "Ынтымак" командасын 3:2 эсеби менен утуп чемпион аталышты.

Жаңылыктарыбыздын катарын адаттагыдай "Таберик сүрөт" жана "Болбойт" рубрикалары толуктады.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.68 (сатып алуу) жана 68.92 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 42.80 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Дүйнөдө тынчтык болсун!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0