Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнүн алдыңкы катарында басып өттү. Өлкө башчы колуна чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыккан.
Өлкө башчысынын айтымында, чоң атасы согушка кеткен бойдон дайынсыз. Ал эми анын согушка кеткен эки уулу жарадар болуп кайткан.