Бир чакырымдык мелдешке 500дөй бала катышып, жаш курактын беш түрү боюнча күч сынашты (10-15). Жеңүүчүлөр медаль жана белектер менен сыйланды.
Жарыштын ачылышына Азия Олимпиада кеңешинин өкүлү Хайдер Фарман, спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциянын башчысы Жоомарт Шамканов жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаза Кененбаев катышты.
Fun Run мелдеши 2006-жылдан бери Азия оюндарын таанытуу максатында Азия Олимпиада комитетинин колдоосу менен бир нече мамлекетте өтүп келет. Эске сала кетсек, быйылкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтөт.