Өйдөгө өр тартып 10 чакырым чуркаган күлүктөр. Ала-Арчадагы жарыштын сүрөттөрү

Жазылуу
29-апрель күнү "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркында жөө күлүктөрдүн жарышы болуп өттү. Ага жергиликтүүлөрдөн сырткары 12 өлкөдөн келген спорт ышкыбоздору кошулуп, 700дөн ашуун адам катышты.

Ала-Арча капчыгайынын кире беришинен старт берилип, альплагерге чейин 10 чакырым аралыкка чуркашты. Аталган спорттук иш-чара "Өзүңдөгү көчмөндү ойгот" деген лозунг менен этно багытында өтүп, мындан улам айлана этно стилде жасалгаланган. Мисалы, старт менен фиништин аркасы жана башкы сахна боз үй сыяктуу болду.

Марафон среди пожилых в Ботаническом саду Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Белим бекчейе элек! Бишкекте 60 жаштан өткөндөр жарышка түштү. Сүрөттөр
Алгач жарыштын катышуучулары кара жорго бийин бийлеп көнүгүү жасашты. Ал эми марага келгенде уюштуруучулар күлүктөрдүн ар бирине медаль тагып, жандуу чертилген комуз күүлөрү менен тосуп алышты.

Катышуучулардын жаш курагы боюнча эң кичүүсү 16да болсо, улуусу 74 жашта экен. Тоо койнунда чуркоону уюуштуруунун башкы максаты элди сергек жашоо образына үгүттөө жана Кыргызстандагы спорттук туризмди өнүктүрүү болуп саналат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу аталган иш-чаранын расмий медиа өнөктөшү болду.

 

© Фото / Азизбек БазарбаевЖарыштын катышуучуларынын баары 10 чакырым аралыкка өйдөнү көздөй өр тартып чуркашты
Забег в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
1/12
Жарыштын катышуучуларынын баары 10 чакырым аралыкка өйдөнү көздөй өр тартып чуркашты
© Фото / Азизбек БазарбаевЖарыштын алдында ата мекендик ырчылар обон созуп жөө күлүктөрдү шыктандырып турду
Забег в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
2/12
Жарыштын алдында ата мекендик ырчылар обон созуп жөө күлүктөрдү шыктандырып турду
© Фото / Азизбек БазарбаевАйрым ата-энелер жаш балдары менен барып спорттук иш-чарага күбө болуп келишти
Забег в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
3/12
Айрым ата-энелер жаш балдары менен барып спорттук иш-чарага күбө болуп келишти
© Фото / Азизбек БазарбаевАлгач катышуучулар кара жорго бийин бийлеп дене боюн жазып алышты
Забег в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
4/12
Алгач катышуучулар кара жорго бийин бийлеп дене боюн жазып алышты
© Фото / Азизбек БазарбаевЖарышка чыккандардын жаш курагы боюнча эң кичүүсү 16да болсо, улуусу 74 жашта
Забег в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
5/12
Жарышка чыккандардын жаш курагы боюнча эң кичүүсү 16да болсо, улуусу 74 жашта
© Фото / Азизбек БазарбаевТоо койнундагы мелдеште 700гө чукул профессионал күлүктөр жана ышкыбоздор күч сынашты
Забег в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
6/12
Тоо койнундагы мелдеште 700гө чукул профессионал күлүктөр жана ышкыбоздор күч сынашты
© Фото / Азизбек БазарбаевЧуркоого камынтып тургандардын арасынан белгилүү ортопед Сабырбек Жумабековду да көрүүгө болот
Забег в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
7/12
Чуркоого камынтып тургандардын арасынан белгилүү ортопед Сабырбек Жумабековду да көрүүгө болот
© Фото / Азизбек БазарбаевИш-чара этно стилде өткөндүктөн жоо чапканы бараткан аскердин кийимин кийип келгендер да болду
Забег в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
8/12
Иш-чара этно стилде өткөндүктөн жоо чапканы бараткан аскердин кийимин кийип келгендер да болду
© Фото / Азизбек БазарбаевЭки тарабың жашыл тоо, асты жагыңдан шаркырап суу агат, алдыны карасаң ак мөңгүлүү зоолор көзгө урунат. Бешинчи жана сегизинчи чакырымда күлүктөрдүн өзөк жалгоосу үчүн жемиштер менен суусундуктарды даярдалган
Забег в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
9/12
Эки тарабың жашыл тоо, асты жагыңдан шаркырап суу агат, алдыны карасаң ак мөңгүлүү зоолор көзгө урунат. Бешинчи жана сегизинчи чакырымда күлүктөрдүн өзөк жалгоосу үчүн жемиштер менен суусундуктарды даярдалган
© Фото / Азизбек БазарбаевЖаш үй-бүлө. Чуркап келген ата бөбөгүн колуна алып турат.
Забег в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
10/12
Жаш үй-бүлө. Чуркап келген ата бөбөгүн колуна алып турат.
© Фото / Азизбек БазарбаевБайгелүү орундар эркектер, аялдар жана жаш курагы боюнча категорияга бөлүндү. Анда абсолюттук категориядан сырткары 30-39, 40-49, 50-59 жана 60 жаштан жогоркуларга сыйлык тапшырылды.
Забег в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
11/12
Байгелүү орундар эркектер, аялдар жана жаш курагы боюнча категорияга бөлүндү. Анда абсолюттук категориядан сырткары 30-39, 40-49, 50-59 жана 60 жаштан жогоркуларга сыйлык тапшырылды.
© Фото / Азизбек БазарбаевЖарышты "Тонус" коомдук фондусу уюштурган.
Забег в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
12/12
Жарышты "Тонус" коомдук фондусу уюштурган.
Жаңылыктар түрмөгү
0