Ишенбай Абдуразаков эмгек жолун инженерликтен баштап, кийин Улуттук илимдер академиясында, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинде, СССР Тышкы иштер министрлигинде, элчиликтерде көп жыл эмгектенген.
Өлкө эгемендик алган жылдардан баштап Кыргызстандын Россиядагы генералдык консулу, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүндө эксперт, өлкө башчынын кеңешчиси, мамлекеттик катчы болуп да иштеген.
Кийин эс алууга чыкканда Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде сабак берип, эл аралык байланыштар кафедрасын жетектеген.
Жеке жашоодосунда жубайы Майрамкан Юсупова менен эки уул, эки кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн.

1/11
© Фото / предоставлено Научно-методическим кабинетом имени Абдуразакова
1996-99-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп иштеген

2/11
© Фото / предоставлено Научно-методическим кабинетом имени Абдуразакова
Дипломат үй-бүлөсү менен, 1968-жыл

3/11
© Фото / предоставлено Научно-методическим кабинетом имени Абдуразакова
Бишкек гуманитардык университетинин эл аралык байланыштар кафедрасынын деканы студенттер менен

4/11
© Фото / предоставлено Научно-методическим кабинетом имени Абдуразакова
Абдуразаков 1990-жылы СССРдин Саппородогу генералдык консулу болуп дайындалган

5/11
© Фото / предоставлено Научно-методическим кабинетом имени Абдуразакова
Мамлекеттик ишмер жубайы Майрамкан Юсупова жана неберелери менен

6/11
© Фото / предоставлено Научно-методическим кабинетом имени Абдуразакова
Профессор сегиз жыл бою студенттерге сабак берген

7/11
© Фото / предоставлено Научно-методическим кабинетом имени Абдуразакова
Коомдук ишмер жана Гуманитардык университеттин окутуучулары

8/11
© Фото / предоставлено Научно-методическим кабинетом имени Абдуразакова
Абдуразаков президент Аскар Акаевдин кеңешчиси болгон

9/11
© Фото / предоставлено Научно-методическим кабинетом имени Абдуразакова
Узак жылдар бою Японияда жашап, ал жакта иштеген

10/11
© Фото / предоставлено Научно-методическим кабинетом имени Абдуразакова
"Данакер" орденинин ээси кыргыз дипломатиясынын өнүгүүсүнө бараандуу салым кошкон

11/11
© Фото / предоставлено Научно-методическим кабинетом имени Абдуразакова
Абдуразаков төрт жыл мурун 77 жашында көз жумган
