Өткөн аптада кыргызстандыктар Замира Молдошеванын автордук мода көргөзмөсүнө күбө болду. Учурда Молдошева дизайнерликке катуу киришип жаткан чагы. Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, ишкерлик чыйыр жолу жана үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.
— Замира айым, кечээ жакында эле автордук көргөзмөңүздү тартууладыңыз. Жеке мен сизди буга чейин далай көргөзмөлөрдү өткөргөн деп ойлоптурмун.
— Беш жыл катары менен чеберчилер күнүндө жаш дизайнерлерди колдоп чогуу өткөрүп келдим. Анан эне болдум. Былтыр күздө жеке шоу-рум (үйдүн ичинде сатылчу кийимдер — ред.) ачып, эми минтип автордук көргөзмөмдү уюштурдум. Ар кандай стилдеги 80 көйнөк жана жеңил пальтолорду элге көрсөттүм. Кийимдерди кийип чыкканга 60 модель тандалып, эң келишимдүүлөрүн кечки жана этникалык көйнөктөрдүн көргөзмөсүндө чыгардык. Бир учурду айта кетпесем болбойт. Бизде профессионал модель кыздар аз. Эң көп дегенде саны отузга араң жетет.
— Мода чөйрөсүндө көп жылдан бери жүрөсүз. Молдошева көбүрөөк дизайнерби же стилистпи?
— Учурда сулуулук салонуңуз менен окутуу борборуңуз ийгиликтүү иштеп жатат десек болот. Ишкерликти жөнгө салууда кыйынчылыктар болбой койбосо керек?
— 2005-жылы сулуулук салонун ачканда жетекчилик кызматты жөндөп кете албай кыйналгам. Ошондо жетекчиликти үйрөткөн курстардан окуй калсам болмок экен деп калам. Дагы бир эсте калганы — салыкчылардын доосу. "Мэриядан келдик, өкмөттүн трассасында жайгашканыңар үчүн акча төлөгүлө", анысы аз келгенсип "Бакиевди колдоп акча чогултуп жатабыз" деп келе бергендер болду. 2005-жылды союз ураган маалга салыштыра берем. Ал убакта укугумду да билчү эмесмин. Топ адамдар суроо-сопкуту жок салондун төрүнө чейин кирип барышчу. Азыркы учурум болсо ошол адамдардын каяктан келгендигин билиш үчүн тиешелүү кагаздарын сурамак экенмин. Эки жыл салыкчылар менен күрөшкөндөн кийин мен дагы жогорку жактарга арызданып, укугумду коргоп, "мындан кийин силердин алдыңарда башымды шылкыйтпайм" дегем.
— Анан качан ишкерликтин пайдасын көрүп баштадыңыз?
— Ишкерликти баштаганда бир тыйыным жок, жолдошум менен кеңешип үйдү күрөөгө коюп, насыя алганбыз. Жарым жыл кардары жок отуруп, андан кийин ишим жүрүшүп кетти. Жүрөгүмдүн түшкөнү — ижаранын акчасын төлөө эле. Былтыр шоу-үйүмдү ачканда деле кыйналгам, бирок азыр кардарларымдын саны үзүлбөй сүйүнтүп жаткан учуру. Ишимдин жүрүшүнө күйөөмдүн жардамы абдан чоң. Өзүнүн курулуш компаниясы бар. Андан түшкөн каражатты мен эле тытмалап, "тигини жасап бер, муну оңдоп бер" дей берем.
— Банкрот болгон учурларыңыз болдубу?
— Бардык ишке кантип жетишип жатасыз?
— Убакытты туура бөлүштүрүү керек. Салонго, окутуу борборуна жана мода ишканага күнүнө кеминде бир сааттан барып турам. Баарын өзүм жөндөп, жетектейм. Кечки саат алтыдан кийин үй-бүлөмдүн жанында болушум керек.
— Баса, сиздин окутуу борборуңузду бүткөндөрдөн сертификат алуу кыйын деп уктум эле…
— Адамда принцип болушу керек экен. Айрым салондордун "кыска убакытта укмуш чебер кылабыз" деген кооз жарнамаларын укканда жиним келет. Бир айда тырмак жасоонун да адиси боло албайсың. Мен жарым жыл, күнүнө үч сааттан окутам. Сабакка келбей коюшса ата-эне, туугандарына чалабыз. Экзаменди өзүм алам. Сындан өтпөй калса, кызылдай акчасына карабай сертификат бербей коем. Окуйм дегендер келишим түзөт. Документке биздин талаптарды актарбаса кагаз берилбейт деген талапты кошуп койгом. Мени жаман көрүп, ортого киши салгандар да жок эмес.
— 2005-жылга чейин эмне менен алектенгенсиз?
— Сизди тарбиялаган ата-энеңиз тууралуу айта кетпесеңиз болбойт?
— Ысык-Көлдүн Бостери айылында туулуп-өскөм. 12 бир тууганбыз, үчөө арабызда жок. Апам өмүрүн бизди карап, чоңойтконго жумшады. Азыр сексенге таяп калды, инимдин колунда айылда турат. Атам мал доктур, чарба жетекчиси болуп жүрдү. 62 жашында оорудан каза тапты. Туугандар менен күзгө жуук чогулуп турабыз.
— Бала кезде мүнөзүңүз кандай эле?
— Айылда уй саап, мал кайтарып, эркек балдар менен эле ойноп жүрчүмүн. Кыскасы, үй жумуштарына, өзгөчө ашканага жок элем. Азыр мыктымын деп айта албайм. Бирок кызым жана жолдошум үчүн абдан аракет кылам. Европанын ашканасы жагат. Ар дем алышта дасторкон жайып чет элдин даамдарын даярдайм. Жолдошум колуңан баары келет деп алкап турат.
Энелик бакытты он беш жыл күттүм. Ортодо тууганымдын кызын багып алган элек, бешке чыкканда ата-энесинин көзүнө жакшы көрүндүбү айтор, алып кетишти. 43 жашымда бала жытын искедик. Кызым Саада эки жашка чыкты. Ал жокто кантип жашап жүргөнүбүздү элестете албайм. Жолдошум да кырк жаштан кийин баланын баркын билет экенсиң дейт. Дагы балалуу болсок деген ниетибиз бар.
— Кызыңызды эрке өстүрүп жаткан турбайсызбы?
— Биз үчүн анын ар бир сөзү — мыйзам. Үч жашка чейин каалаганын жасатып, андан кийин кой-айды үйрөтөбүз. Саада менин жанымда эле эрке, мен жокто тынч отурат экен. Азыр бала бакчага бара баштады. Стресс болбосун деп башында эс алуу жайына баргандай 2-3 саат баш багып жатып көндүргөм.