БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргыз кыз-келиндери байыртадан атка тез минүү жана узакка жүрүү зарылдыгынан улам узун этектүү, кең, этеги кымтылануучу, бели кездеме же кур менен курчалган кийим тигүүгө мажбур болушкан.
Акыркы 10 жылдын аралыгында кыргызстандык дизайнер-модельерлер кайрадан этно стилге, улуттук кийимдерге басым жасап келишет. Бул калк кайрадан этномаданиятка кайрылганынан кабар берет.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыздарды эстен тандырган этно стилдеги 9 буюмду сунуштайт.
Кептакыя. Бул — кыз-келиндин баш кийими. Илгери турмушка чыга элек, бойго жеткен кыздар кийчү. Күйөөгө тийген кыз анын үстүнө элечекти орончу.
Аялдар мойну талыганда элечегин алып, жеңил-желпи кеп такыясы менен жүрө беришчү. Учурда аталган баш кийимди кийген кыздарды көп кезиктирсек болот. Демек, кептакыя канча бир жылдан кийин кайра биздин коомго кайтып келди деп ишеничтүү айтсак болот.
Ою түшүрүлгөн көйнөк. Күрмө, кемсел сыяктуу сырт кийимдердин ичинен кийилет. Көйнөккө оймо-чиймелер саймаланып, ар кандай мончок-шурулар тагылчу. Азыр кыргыз орнаменти түшүрүлгөн көйнөк "мен кыргыз" деген аялзатынын көбүндө бар.
Чыптама. Аялдардын көйнөгүнүн сыртынан кийилет. Чыптаманын жеңи кыска келип, белге чейин болот. Ал бир жагынан жылуу, бир жагынан жеңил келет. Чыптаманы илгери аялдар үй шартында гана кийсе, азыр сыйлуу жерге да бапестелип кийилип калды.
Белдемчи. Аялдардын көйнөктүн сыртынан белден ылдый тартынуучу кийими. Кездемелерден этеги жазы, жогорку бөлүгү кууш, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Жээктери саймаланып, кундуз карматылып, чачыланып кооздолот. Белдемчини жазда, күздө, айрыкча кышта тартынат. Белдемчи учурда эң популярдуу этно кийим.
Чапан. Илгери кеңири жайылган сырт кийим болчу. Канча бир жыл убактан кийин аталган сырт кийим жаңы толкун менен пайда болду.
Бут кийим. Учурда анын ар кандай түрлөрү бар. Бул күндөрү улуттук оймо-чиймелер түшүрүлүп, булгаарыдан тигилген өтүктөргө суроо талап өсүп турган маал.
Зер жасалгалар. Кыргыздар зер буюмдарды өтө баалашкан. Зер буюмдар барктуу болгондуктан, баатырдык көрсөткөндөргө, мелдеште жеңгендерге, төкмө ырчыларга тартуу катары, жарышка чыккан күлүк аттардын байгесине берилген. Анан албетте, Сөйкө, билерик, шакек, чач учтук аялзатынын көркүнө көрк кошуучу эң башкы атрибут болгон. Учурда илгери апаларыбыз тагынган зер жасалгалар, заманбап стилге айкалыштырылып жасалып келет.
Сумка. Илгери сумканы баштык деп аташчу. Ага азыркыдай косметика, блокнот, калем эмес, гүлазык салынчу. Азыр кичинекей капчыктан тартып чоң сумкалардын түрү кездешет. Албетте, кыргыз оймо-чиймелери менен.
Моюн орогуч. Аялдардын сулуулугуна көрк кошкон дагы бир өзгөчө буюм. Учурда анын таза жибектен, жүндү уютуп алып, колго жасалган түрү абдан баалуу. Сүрөттө дал ошондой моюн орогуч көрсөтүлгөн.