БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. FIFA уюмунун башкы катчысы Фатма Самура Кыргызстанды 2019-жылдагы Азия кубогунуна чыгышы менен куттуктады. Бул туурасында КРдин Футбол федерациясынан кабарлашты.
Март айында улуттук команда Александр Крестининдин жетекчилиги алдында Мьянма (22-март) жана Индия (27-март) менен ойноп, биринчи ирет 2019-жылдагы Азия кубогунуна чыккан. Мындай көрсөткүч Эл аралык футбол федерациясынын апрелдеги рейтингинде улуттук команданын 115-орундан 75-орунга көтөрүлүүсүнө шарт түзгөн.
"КРдин футбол федерациясынын преизденти Семетей Султанов жана Улуттук команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин FIFA кеңсесине жасаган иш сапарында Фатма Самура менен жолукту. Ал Кыргызстанды 2019-жылдагы Азиянын чемпионатына чыгышы, тарыхый көрсөткүчү менен куттуктады. Андан сырткары, КРдин футбол федерациясынын ишин жогору баалады", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушууда андан аркы кызматташуунун жана биргелешкен долбоорлор тууралуу сөз болгону да кабарланган.
Спортчуларды буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков да куттуктап, футболчуларды кабыл алган.