БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкектин Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштеринен улам жабыла турганын мэрия билдирди.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча жолдун Можайскийден Саадаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 20-апрелден тарта асфальт төшөлүп, тротуралар жасалып, арыктар жаңыланат, аны менен бирге бордюрлар орнотулмакчы.
Реконструкциялоо иштери 2018-жылдын август айында бүтөрү айтылды.
Буга чейин да оңдоо иштеринен улам Чүй проспектиси менен Шабдан баатыр көчөлөрүнүн бөлүктөрү да жабыла турганы айтылган.