Бишкекте эл көп жүргөн эки көчө оңдоо үчүн жабылат

Жазылуу
Калаа жетекчилиги айдоочуларды бара турган жерге кантип жетүүнү алдын ала пландоого чакырат

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. 8-апрелден тарта Бишкектеги Чүй проспектиси менен Шабдан баатыр көчөсүнүн айрым бөлүгү оңдоо үчүн жабыла турганын Свердлов райондук администрациясынан билдиришти.

Оңдоо көчөлөрдүн төмөнкү бөлүктөрүндө жүрөт:

— Чүй проспектисинин Шабдан баатырдан Айтматовго чейинки аймагы (түндүк тарап);

— Шабдан баатыр көчөсүнүн Чүй проспектисинин Анкара көчөсүнө чейинки бөлүгү (батыш тарап);

Калаа жетекчилиги айдоочуларды бара турган жерге кантип жетүүнү алдын ала пландоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0