БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бюджеттен 290 миллион сом акча уурдаган компаниянын жетекчилери камалганын УКМКдан билдиришти.
Тергөөнүн версиясы боюнча бул компаниялар мамлекеттик бюджеттен кошумча нарк салыгын кайтарып алуу жолу менен 290 миллион сомдон ашык каражатты чөнтөгүнө салган.
"Тергөө иштеринин натыйжасында бухгалтердик документтер, салыктар төлөнгөнү туурасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн салык органдарынын мөөрлөрү алдын ала басылган таза бланктар, Кытайдын, мамлекеттик органдардын жана компаниялардын мөөрлөрү, ири өлчөмдөгү акча каражаттары жана Кыргызстанга Кытайдан мыйзамсыз түрдө алынып келген дүйнөлүк бренддеги жасалма спорттук товарлар табылды", — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук соту жогорудагы компаниялардын Ц.Л., жана Л.Х. атуу жетекчилеринин баш коргоо чарасы карап, УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган.
Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.