БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Башкы прокуратура бажы төлөмдөрүн жашыруудан мамлекетке 30 миллион сомдон ашык зыян келгенин аныктап, Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иш козгоду.
Машиналарга жүк ташуучу автоунаа экенин тастыктаган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык ишмердигинин "8704" товардык номенклатурысынын коду берилиши керек болчу. Бул код боюнча бажы алымы бажы баасынын 10 пайызын түзөт.
"Бирок декларация толтурулуп жатканда аталган жүк ташуучу машиналарга "8701" коду — трактор деп берилген. Аталган код боюнча бажы төлөмү алынбайт", — деп айтылат маалыматта.
Ишти УКМК тергеп жатат.
Буга чейин Салык кызматы да Кытайдан келген товарлардын кошумча нарк салыгы боюнча алдамчылыкка барганы аныкталган. Бул иш боюнча салык кызматынын беш өкүлү жана Салык кызматынын жетекчи орун басары кармалды. Алар иштен алынган.