БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
"Ош менен Бишкек шаарында 22…24 градус жылуу болот", — деп жазылат маалыматта.
Абанын температурасы көтөрүлүп, Чүй өрөөнүндө 18…23, Таласта 16…21, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 19…24, Ысык-Көл менен Нарында 12…17 градус жылуу болушу күтүлүүдө.