БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Эл аралык террордук уюмдун лагеринде диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан КР жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Ага ылайык, шектүү жаран 28-мартта кармалып, 46 жашта экени аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 375-беренесинин 2-бөлүмү ("Жалданмачылык") боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.