БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. ӨКМдин куткаруучулары 2-кабаттын балконунун кырынан 7 жаштагы баланы түшүрдү. Окуя 22-мартта күндүз болгон.
© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМдин куткаруучулары 2-кабаттын балконунун кырынан 7 жаштагы баланы түшүрдү
1/2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
ӨКМдин куткаруучулары 2-кабаттын балконунун кырынан 7 жаштагы баланы түшүрдү
© Фото / пресс-служба МЧС КРОкуя 22-мартта күндүз болгон.
2/2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Окуя 22-мартта күндүз болгон.
1/2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
ӨКМдин куткаруучулары 2-кабаттын балконунун кырынан 7 жаштагы баланы түшүрдү
2/2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Окуя 22-мартта күндүз болгон.
"Лесхозная көчөсүндөгү №2А үйдүн экинчи кабатындагы балкондун кырында эки бала турганын жашоочулар көрүшкөн. Тургундар алгач үйдүн эшигин каккылашкан, бирок балдардын ата-энеси үйдө болгон эмес. Ошентип жашоочулар куткаруучуларды чакырган", — деп ӨКМ билдирди.
Алар келгенге чейин кошуналар бир баланы алып түшүшкөн, экинчисин куткаруучулар келип алышкан. Балдар ата-энесине тапшырылды.
Ишенимдүү булактын билдиришинче, балдар "Жөргөмүш адам" тасмасындагы каарманды туурап, балкондун кырына чыгышкан.