Сирияда Ан-26 үлгүсүндөгү россиялык учак кулап, 32 адам көз жумду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүВоенно-транспортный самолет Ан-26
Военно-транспортный самолет Ан-26 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Самолет учуп-конуу тилкесине 500 метр жетпей жерге урунган

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Сириядагы Хмейми аэродромунда шаршемби күнү россиялык Ан-26 үлгүсүндөгү учак кырсыктады. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип жазып чыкты. 

Самолет конуу учурунда кырсыктаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, бортто 26 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Бардыгы көз жумду.

"6-мартта саат 18.00дөр чамасында (Бишкек убактысы) Хмейми аэродромунан россиялык Ан-26 үлгүсүндөгү учак кырсыктады", — деп айтылат маалыматта.

Учак учуп-конуу тилкесине 500 метр жетпей жерге урунган.

Жаңылыктар түрмөгү
0