УКМК: "Электр станциялары" жетекчисинин мурунку орун басары кармалды

© Фото / пресс-служба ОАО "Электрические станции""Электр станциялары" акционердик коомдун жетекчисинин мурунку орун басары Бердибек Боркоев. Архив
Электр станциялары акционердик коомдун жетекчисинин мурунку орун басары Бердибек Боркоев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бердибек Боркоев 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата Бишкек ТЭЦин даярдоо үчүн бөлүнгөн каражаттан ири суммада акча жеген деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. "Электр станциялары" ишканасынын жетекчилери тарабынан ири көлөмдөгү акча каражаты уурдалган факты аныкталганын УКМК билдирди. 

Маалыматка ылайык, алардын катарында акционердик коомдун жетекчисинин мурунку орун басары Бердибек Боркоев да бар. Кылмыш схемасында жасалма келишимдер түзүлгөн жалган фирмалар аныкталган.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилери буу казандарды оңдоо үчүн сынактын талапка ылайык жүргүзүлбөгөнүнө карабастан, уюмдар менен келишимдерди түзүп, алардын эсебине акча каражатын которуп турган. Ал эми иш жүзүндө ремонт иштери ТЭЦтин өзүнүн күчү менен ишке ашкан. Бул каражат ТЭЦти 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн бөлүнгөн", — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 171 (Ишенип берилген мүлктү кызмат абалынан пайдалануу менен өзүнө ыйгарып алуу же ири көлөмдө коротуу), 221 (Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 350- (Документтерди жасалмалоо, даярдоо же пайдалануу) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Работа ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦтеги авариянын азабын ким көбүрөөк тартты? Экономисттердин пикири
Бердибек Боркоев УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келе баштаган.

Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев башында турган мекемелер аралык комиссия түзүлүп, ал 19-февралда кырсыкка тиешеси бар бир катар жактарга карата чара көрүүнү сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0