БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Борбор калаанын 12-кичи районунда жайгашкан №173 бала бакчанын жанынан жаш баланы унаа сүзүп кетип белгисиз тарапка алып кеткенин Facebook тармагына жазышты.
Анда кырсык болгон учурда баланын жанында чоң кишилер жок болгондуктан эч ким унаанын үлгүсүн жана номерин көрө алган эмес деп айтылат.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматы жол кырсыгы болгонун тастыктады. Ал эми баланы айдоочу №3 шаардык балдар ооруканасына алып барганын билдирди. Учурда милиция кызматкерлери жеринде иш алып барууда. Толук маалыматты кийинчерээк берерин айтышты.