00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Максимальный репост
08:40
20 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Утро хорошего дня
Кибергигиена: как защитить себя от интернет-мошенников и уберечь детей от опасной информации?
06:05
35 мин
Максимальный репост
On air
06:40
20 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жоготуп алуу алдында турабыз. Кантип алдын алуу керек?
07:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Утро хорошего дня
Как швейная индустрия Кыргызстана завоевывает рынок ЕАЭС?
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Өлкөдө Россиянын М.Горький атындагы адабий интитутунун моделинде жазуучулар курсу ачылды
09:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
"Үлүштүк курулуш" турак жай каржылоо механизми кандай жеңилдиктерди берет?
13:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкек таксисттерге карата талаптарды күчөтүүнү көздөөдө — эмне өзгөрөт?
13:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
“Менин алтын микрафонум” алтын үндүү диктор Тамара Алсеитованы эскерүү
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
“Аячы” фильми зордук-зомбулук көргөн кыз-келиндердин үнүбү?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жогорку Кеңештин мааракесин кантип өткөрүү керек? Демилгечи менен маек

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешовдун архивдик сүрөтү
Кыргызстан фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин мааракесин кимдин эсебинен өткөрүү керек? Деги эле иш-чара канчалык маанилүү? Суроолорго Жогорку Кеңештин 80 жылдыгын белгилөөнү демилгелеп чыккан депутат Алмазбек Эргешов жооп берди.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов парламенттин 80 жылдыгына арналган ири салтанат өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал ЖКнын жыйынында айтты. Эл өкүлү мындай иш-чара Жогорку Кеңештин кадыр-баркы кыйла жогорулатат деген пикирде.

Демилге социалдык тармакты бир топ чууга салды. Sputnik агенттиги депутаттын өзү менен байланышып, сөзүн угууга аракет кылды.

— Бул сиздин жеке демилгеңизби же депутаттардын тобу алып чыгып жатабы?

Депутат Асылбек уулу Дамирбек - Sputnik Кыргызстан
Депутат Дамир Асылбек уулу Казакстанда кармалдыбы? ТИМ жана кесиптештери эмне дейт
— Жеке демилгем. Кыргыз ССРинин парламенти 1938-жылы түптөлгөн, демек Жогорку кеңешке 80 жыл толот. Мааракелер буга чейин деле өткөрүлүп келген, Совет доорунда деле, кийин эгемендик алганда деле. Жогорку Кеңеш азырынча менин сунушумду карай элек.

— Чыгымдарды эсептеп чыктыңызбы?

— Мен той же ушул сыяктуу нерселерди айтканым жок. Жеке пикиримде илимий-практикалык конференцияларды өткөрүп, китеп чыгарып, парламенттин иши, кандай адамдар иштегени тууралуу тасма тартуу керек. Бирок иш-чаралардын так планы азырынча жок.

— Кесиптештериңиз кандай кабыл алды?

— Туура эле кабыл алышты. Маалымат майданында кайчы пикир байкалып жүрөт. Соцтармактагылар азыркы парламенттин ишине нааразы. Жогорку Кеңештин реалдуу ишмердүүлүгү менен кабардар кылуу үчүн журналисттер менен иштөө зарыл.

— Быйыл Бишкектин 140, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет. Парламенттин мааракеси мамелкеттик бюджетке ашыкча күч келтирет деп кооптонбойсузбу?

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кесиптештеринен уялган Камчыбек Жолдошбаевдин эмне мүлкү бар
— Жогорку Кеңештин өзүнүн бюджети бар, чектен чыкпайбыз. Кошумча каражат сураган жокпуз.

— Эгер демилге парламент тарабынан колдоо таппаса иш-чараны өзүңүз өткөрө аласызбы?

— Бул туурасында ойлонгон эмесмин… Негизи мамлекеттик бийлик бутагынын мааракеси жеке тараптын өткөрүүсү туура эмес.

— Борбор эле сунуш колдоого алынбай калса, кесиптештериңиз менен ошол эле илимий-практикалык конференцияларды уюштура аласызбы?

— Ойлонуп көрөбүз, жыл жаңы эле башталбадыбы. Убакыт бар.

Эске салсак, Эргешовдун кесиптеши депутат Дастан Бекешев соцтармактагыларга көз салып, негизсиз сын айткандарга айып салууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0