БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын коргой турган балбандардын тизмеси аныкталды.
КРдин күрөш федерациясынын маалыматына ылайык, мелдешке он спортчу катышат. Чемпионат 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкек шаарында өтөт.
Кыргызстандын намысын коргой турган балбандардын тизмеси:
Жоломан Шаршенбеков — 55 килограммга чейин;
Каныбек Жолчубеков — 60 килограммга чейин;
Урмат Аматов — 63 килограммга чейин;
Роман Царев — 67 килограммга чейин;
Акжол Махмудов — 72 килограммга чейин;
Эсен Асанов — 77 килограммга чейин;
Атабек Азисбеков — 82 килограммга чейин;
Азат Бейшебеков — 87 килограммга чейин;
Үзүр Жузупбеков — 97 килограммга чейин;
Мурат Рамонов — 130 килограммга чейин.
Буга чейин кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча балбан Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатына катышпай тургандыгы айтылган.