БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жайыл райондук ооруканасында күйөөсүнүн токмогу менен бычагынан 39 жаштагы аял көз жумду. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Милиция аялдын өмүрүн алып кеткен окуянын кандайча болгонун аныктап чыккан.
"6-февралда кечки саат 22:00дөрдө үйүнө мас болуп келген киши жубайы менен чатакташкан. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, мас күйөөсү чыр чыгарып, андан соң кол көтөрүп, бычак ала чуркаган. Анын кесепетинен жубайы бычак жеп, ооруканага түшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 104-беренесинин негизизде кылмыш иши козголгон. Милиция издеп барып, 45 жаштагы кишини өзүнүн эмес, туугандарынын үйүнөн таап, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып, жолдошу менен ажырашууга белсенген кыргызстандык айымдын катын окуп, психологдун кеңешине кулак түрүп коюңуз.