00:45 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Аялды муунтуп жаткан адам. Иллюстративндик сүрөт

Жолдошум балдардын көзүнчө сабайт, коркутат... Кантип ажырашам?!

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
385510

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасында Sputnik Кыргызстан жарандар кабылган кыйын абал жана кырдаалдын каарына кантип туруштук берүү туурасында айтып берет

"Психолог менен баарлашуунун" жаңы чыгарылышында Sputnik үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып, жолдошу менен ажырашууга белсенген кыргызстандык айымдын катын жарыялайт.

…Мага кеңеш бергилечи, сураныч. Күйөөм чоң муштум. Эки балабыз бар. Уулубуз 5, кызыбыз 3 жашта. Башка үй-бүлөлөрдө кандай экенин биле албайм, бирок биздин мамиле өтө жаман.

Жолдошум элдин көзүнчө абдан боорукер, токтоо. Досторунун арасында кадыр-баркка ээ. Мага эле эч укугум, керегим жок бир жандык сымал мамиле кылат. Балдарды көзгө илбей мени сабай бергени жаныма батып кетти. Россияда жашачубуз. Ал жактан да мага кол көтөрдү. Полиция чакырдым. Баламды көтөрүп, курбумдукуна кетип калдым. Анын алаңгазарлыгына алгач ирет ушинтип каршы турдум. Кыргызстанга ата-энеме да телефон чалып, күйөөм мени сабаганын айттым.

Курбумдукунда жашаган үч күн ичинде мүнөт сайын чала берди. Үйгө кайтышымды талап кылып, мындан ары кол көтөрбөйм деп убада кылды. Коопсуздугума анын досу кепил болушун өтүндүм. Кийим-кече жана документтерди алыш үчүн гана барарымды айттым. Жолдошум макул болду. Досу да кырдаалды өзү көзөмөлгө аларына сөз берди. Мени ата-энем да колдоду, алар күйөөмө чалып, дагы бир жолу ушундайга барса, көргүлүктү көрсөтөрүн айтышыптыр.

Айтор, үйгө барганымда кечирим сурай баштады. Калышымды өтүндү. Үч айдан кийин балам менен ата-энемкине кое берем деген убадасын алып, үйдө калдым. Азыркы тапта ата-энемдикинде жашап жатам.

Күн сайын телефон чалат. Ызы-чуу салат. Мага кыйкырып, куу тумшук, ишке чыккысы келбеген жалкоо деп атайт. Балдарым дагы кичине экендигин, аларды таштап акча табууга кете албасымды таназар албайт. Аны менен тынч ажырашууга кеңеш бергилечи. Дайым коркутуп-үркүтөт.

Ильдар Акбутин, психолог

Психолог и инструктор по личной безопасности Ильдар Акбутин во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Психолог и инструктор по личной безопасности Ильдар Акбутин

Чогуу жашаган жылдары башыңыздан кандай күндөрдү өткөргөнүңүздү сезип турам. Ал эми балдарыңыз эмне көргөнүн элестетүү да коркунучтуу. Үйдөгү мындай зомбулукка күбө болгон кенжетайлар эбегейсиз психологиялык травма алышат.

Кантип тынч ажырашуунун жолун сурап жатасыз, бирок өзүңүз деле андай болбой турганын жакшы түшүнүп турсаңыз керек. Кулакка канчалык көндүм угулбасын, бирок ар бир чоң муштумга курмандык, ар бир курмандыкка бир чоң муштум зарыл. Болбосо, мынча жыл эмнеге чыдап келгениңизди башкача түшүндүрүш кыйын. Бирок чыгынып ажырашуу чечимине келгениңиздин өзү жакшы, чоң муштумдар турмушубузда өзүбүздү жана кызыкчылыктарыбызды бекем туруп коргоонууга үйрөтүү үчүн кезигет.

Эгер мурда ага каршы туралбасаңыз, демек азыр маалы келип жетти көрүнөт. Мындай мамилени үзүш кыйын эле, анткени баары кемсинтүүнү жана зомбулукту көтөрө албайт. Ошондуктан чоң муштумдар өз курмандыгына чапкенедей жабышат. Бирок ал буга СИЗ "оюн" эрежелерин сактаган мезгилге чейин гана даай алат.

Качан гана сиз анын курмандыгы эмес экендигиңизди, керек болсо, өзүңүздү коргоо колуңуздан келерин, андан артыгын да жасарыңызды билдиргениңизде сизге асылганын токтотот. Балким дароо эмес, акырына чейин кууланып, айла-амал издейт, бирок кое берет. Тынч болот деп айта албайбыз, ошентсе да "жай турмушта жашагың келсе, согушка даяр бол" деп тегин жерден айтылбаган чыгар. Айрыкча кеп – балдарың жана саламаттыгың жөнүндө болуп жатканда кол куушуруп туруп берүү болбойт…

Өз бактыңызга жетүүгө Сизге чечкиндүүлүк каалайм!

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.

Тема боюнча

ЮНИСЕФ: дүйнөдө ар бир 7 мүнөт сайын зомбулуктан бир өспүрүм көз жумат
Уулунун көзүнчө зордукталган аял: күйөөм урса мейли, акча тапса болду...
Белгилер:
жардам, зордук-зомбулук, психолог, үй-бүлө
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ