БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бийлик ипотекага сатыла турган эконом-класстагы үйлөрдү кайсы аймактарга кура турганын "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсынын төрагасы Бактыбек Шамкеев айтып берди.
Анын билдиргенине караганда, көп батирлүү 60 үй Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Каракол, Токмок жана Баткен шаарларына салынат.
"Былтыр дал ушундай үйдүн курулушун Нарын шаарында баштаганбыз. Ал жакта 60 батирден турган беш кабаттуу үй курулуп жатат. Дал ошондой бир имарат Бишкектин "Тунгуч" кичирайонунда тургузулууда. Ал колдонууга быйыл берилет", — деди Шамкеев.
Компаниянын жетекчисинин маалыматына караганда, бул үйлөр жердин силкинүүсүнө туруктуулугу менен айырмаланып, сырты жылуулукту жакшы кармачу материалдар менен капталат.
Эске салсак, эми 15 жылдык мөөнөткө ипотеканы мамлекеттик кызматтагылар гана эмес, Кыргызстандын башка жарандары дагы ала алат.
Мамлекеттик ипотеканы алуунун жол-жобосун да иликтеп көрдүк.