14:53 06 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү (59)
183520

Учурда мамлекеттик ипотека бюджеттен маяна алгандарга гана берилет

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. 2018-жылдан тарта өлкө казынасынан айлык албагандарга дагы мамлекеттик ипотека бериле баштайт. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотека компаниясы" ишканасынын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Учурда мамлекеттик ипотеканы бюджеттен айлык алгандар гана ала алат. Шартка ылайык турак жайдын баасы үч миллион сомго чейин болуп, ипотека 8-10 пайыз менен 15 жылдык мөөнөткө берилет.

"Ипотека ала тургандардын тизмесин кеңейтүү үчүн кошумча каражат керек. Германиянын банкы менен 11 миллион еврого келишим түзүлдү. Акча түшөрү менен мамлекеттек кызматта иштебегендерге дагы насыя берүүнү пландап жатабыз. Бул иш-аракеттер 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишке ашат", — деди Үсөнакун уулу.

Анын айтымында, бул насыяга Бишкек менен Оштон турак жай алганга болбойт, банк аймактарды өнүктүрүүгө басым жасоодо. Насыянын жылдык коюму 14 пайыздын тегерегинде болот.

Тема:
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү (59)

Тема боюнча

Шамкеев: мамлекеттик ипотека алчулардын кирешеси 25 миң сомдон кем болбошу керек
Мамлекеттик ипотекалык насыянын коюму октябрдан тарта 8 пайызга чейин төмөндөйт
Белгилер:
турак-жай, кыймылсыз мүлк, насыя

ЭҢ МААНИЛҮҮ