Кыргызстандын кайсы аймагында уй багуу пайдалуу? Адистердин кеңеши

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүү18-я Российская агропромышленная выставка "Золотая осень"
18-я Российская агропромышленная выставка Золотая осень - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фермерлердин айтымында, Кыргызстандын түштүгүндө уйду бир нече айдан көбүрөөк багуунун пайдасы жок

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкекте 23-январь күнү өткөн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамды жакшыртуу боюнча жыйында президент Сооронбай Жээнбеков миграцияны азайтуу үчүн ар бир үй-бүлөгө уй багуу керек деген сунушутан айтты.

Өлкө башчысы 3-4 уйу бар үй-бүлө сүт сатуудан эле күнүнө 1200 сомдой тапса болорун кошумчалады.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги уй багуунун киреше-чыгашасын тиешелүү адистерден жана жер-жерлердеги фермерлерден сурап билди.

Кыргызстанда канча уй бар?

Ушул тапта Кыргызстанда 770 миң саан уй бар экенин Айыл чарба министрлигинин мал чарба боюнча бөлүм башчысы Сулайман Мамаев билдирди. Алардын көбү Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарында.

"Бул үч облуста сүттү көп берген жергиликтүү Ала-Тоо породасындагы уйларды багышат. Негизи алар 20 литрдей сүт бериши керек. Бирок бардыгы тоютуна жараша, канча көп тамактанса, ошончо сүттүү болот", — деди Мамаев.

Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл дыйкандар эмнелерди отургузса утулбайт? Айыл чарба министрлигинин сунушу
Учурда уй эти жана эт азыктары Кыргызстандын аймагында гана сатылат. Анткени 2007-жылдын июль айында Чүй жана Баткен облусунда шарп илдети табылгандыктан, Казакстан эт киргизүүгө тыюу салып койгон. Ошондон бери Кыргызстан бир дагы өлкөгө эт чыгара албай келет.

Бул чектөөнү жоюу үчүн  Ветеринария жана фитосанитария мамлекеттик инспекциясы аракет кылып жатканын Малды көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Чыңгыз Романов айтып берди.

"Эки жылдан бери Кыргызстанда уйлар арасында өтө кооптуу илдеттер катталган жок. Ооруларды алдын алалы деп иштеп жатабыз. Бирок чектөөнү алып салуу үчүн бул жетиштүү эмес. Биз ЕАЭБдин шарттары боюнча бардык малды идентификациялап, мындан тышкары, мал союучу заманбап жайларды курушубуз зарыл", — деди ал.

Уйдун дары-дармегине канча акча кетет?

Ветеринария жана фитосанитария инспекциясынан билдиришкендей, уйларда көбүрөөк кездешчү тогуз илдетке каршы эмдөөчү каражаттарды мамлекет мал доктурларга бекер берет.

"Бирок ветеринарлардын кызматына мал ээси төлөйт. Бирдиктүү баа коюлган эмес. Ошондуктан мал доктур аймактын социалдык абалына жараша ар кандай сумманы алат. Мисалы, бул баа Чүйдө 30-50 сом", — деди инспекциянын өкүлү Романов.

Ар бир малдын кулагына тагылчу бирканын мамлекетке төгүлчү баасы — 38 сом (бир баш малга), ал эми ветеринардын кызматын кошкондо 70 сомго чыгат.

Уй багуу кайсы региондо кирешелүү?

Породистые животные в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тукумдуу мал кандай болорун билесизби? Кой-эчки, жылкы, топоз, уй
Башында айтылгандай, негизинен сүт берүүчү уйлар Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарында багылат. Адистердин айтымында, буга аталган аймактарда тоюттун көптүгү себеп.

Өлкөнүн түндүгүндө бир уй багууга бир жылда жалпысынан 10 миң сомдун (бул сумманын ичине тоют, малчынын эмгек акысы, ветеринардын кызматы кирет) тегерегиндеги акча кетет.

Түптүк фермер Турат Алиевдин пикиринде, Ысык-Көл, Талас жана Чүйдө бир уйдун баасын алты айлык сүтү эле жаап коет.

"Кунажынды 35-40 миңге сатып алсаң болот. Ал байып кеткиче алты ай бою 15 литрден сүт берет. Сүттүн орточо баасын 15 сомдон эсептеп көрөлү, анткени баа жайкысын 12, кышкысын 20 сом болот. Ошондо ал уйдун сүтү алты айда 40 миң сомго жетип калат", — деди фермер.

Ал эми түштүктө бир уйга кеткен чыгым жылына 30-40 миң сомго чыгып кетет.

Фермер Манас Саматов - Sputnik Кыргызстан
Фермер Манас Саматов: дыйкан — жүдөгөн адам эмес, ал — бизнесмен
"Ошондуктан сатып алган уйларды 3-4 гана ай багып туруп, союп сатып жиберем. Ар бир уйдун жем-чөбүнө ай сайын 4 миң сомдун тегерегинде акча кетет. Анүстүнө быйыл тоюттун баасы өткөн жылга салыштырмалуу 5-6 сомго кымбаттап кетти. Мисалы, кебек Казакстандан келет, килограммы — 12 cом, күнжара (чемичкенин майын сыгып алгандан кийинки калдыгы — ред.) — 20 сом, бир таңгак чөптүн баасы — 180-200 сомго чыкты", — деди баткендик фермер Асатулло Хабибуллаев.

Анын айтымында, бир уйдан 200 килограммдын тегерегинде эт алган фермерлер ар бир килограммын 300 сомдон өткөрүшөт. Ал эми сүтүн айтсак, күнүнө 7-8 литрден алып, 20 сомдун тегерегинде сатат. Эсептеп көрсөк, 60 миң сом сомдон ашыгыраак акча болот экен. Ал эми бир уйдун баасы түштүк райондордо 40 миң сомдон башталат.

Хабибуллаев өзү айткандай, фермер бардык чыгымын эсептегенден кийин бир уйдан 4-5 миң сом гана таза киреше көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0