Быйыл дыйкандар эмнелерди отургузса утулбайт? Айыл чарба министрлигинин сунушу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖазгы талаа иштери. Архив
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл өлкөнүн түштүгүнө көнүмүш болгон дарбыз, күрүч, пахтадан тышкары ири өлчөмдө картошка отургузуу керек

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бул жылы кайсы регионго кандай өсүмдүктөрдү өстүрүү сунушталып жатканын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин жетекчиси Дмитрий Тен Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Адис быйыл өлкөнүн түштүгүндө мурдагы жылдардан айырмаланып, картошканы көбүрөк эгүү туура болорун айтты.

"Былтыр Өзбекстанга президент башында турган делегация эки ирет барып келбедиби, ошол жолугушууларга өзбек тарап быйыл бизден ири өлчөмдө картошка аларын билдирген. Ошол себептүү быйыл өзгөчө түштүк региондоруна картошка отургузууну сунуш кылабыз. Кайсы сортторду кантип туура өстүрүү боюнча видео роликтер жакынкы күндөрү региондорго теле аркылуу көрсөтүлө баштайт", — деди Тен.

Анын айтымында, быйылкы сунуштамаларда мурдагы жылдардан өтө чоң айырмачылык жок.

Төмөндөгү талблицада быйыл дыйкандар кайсы облуска кандай өсүмдүк отургузса пайдалуу болору көрсөтүлгөн.

Ошондой эле айыл-чарба министрлигинин расмий сайтында дыйкандар үчүн үрөндөр боюнча толук маалымат жарыяланганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0