— Манас мырза, алгач өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз. Дыйканчылык менен кантип алектенип калдыңыз?
— Мен 1954-жылы Кадамжайда туулгам. Жаштайыман эле дыйканчылык менен алектенип келем. Бардык керектүү нерселерди атаман үйрөнгөм. Жогорку билимди Айыл чарба институтунан алып, аспирантураны Россияда окудум, диссертациямды Латвияда жактадым. Андан соң он жыл Өзбекстанда айыл чарба тармагында иштедим. 1990-жылы Кыргызстанга кайтып келип дыйканчылык менен алектене баштадым. Өзүбүздүн 20 гектарга жакын жерибизди жана андан башка ижарага алынган жерлерди иштетебиз. Көбүнчө кызылча эгебиз.
— Азыркы учурда өлкөдөгү дыйканчылык кандай абалда?
Ал эми бизде баары тескерисинче болуп жатат. Айыл чарба министрлиги дыйкандар менен баарлашпайт. Жеке кабыл алууларга жумасына жарым күн бөлөт. Министр 24 саат болбосо дагы, 12 саат дыйкандарга ачык болушу керек да.
— Бирок дыйкандар өз алдынча болсо да ийгиликке жетишип жатат десек болобу?
— Албетте, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жылыштар бар. Бирок жогоруда айтып кеткендей жардам күтүп жүдөгөн дыйкандар айласы кеткенде өз аракети менен иш кылууга өтүштү. Дыйканчылыкка тоскоол болгон мыйзамдарыбызды жок кылып, дыйкандар менен каржы мекемелеринин ортосундагы мамилени жөнөкөйлөтсөк дагы да ийгиликке жетишебиз. Себеби бизде дыйканчылык аркылуу ийгиликке жетишүү реалдуу нерсе. Бардык шартыбыз бар. Бир миллион 300 миң гектар жерибиз бар деп айтып келебиз. Ишке киргизилбеген тоо этектериндеги жерлерибизди да тамчылатып сугаруу аркылуу пайдалансак болот. Ошондо бүтүндөй мигранттарыбызды өлкөгө чакыра алмакпыз. Алардын көбү чөнтөгүндөгү акчасы менен келип, өлкөбүзгө инвестиция салмак.
— Дыйканчылык маданиятын кантип өзгөртсөк болот?
— Адал эмгек менен нан тапкан ар бир кесип татыктуу. Бизде дыйкан тууралуу түшүнүгүбүз таптакыр башкача. Дыйкан же малчы десе эле көз алдыбызга эски доордогу шөмтүрөп, жүдөгөн кишини элестетпешибиз керек. Окубай, артта калган киши дыйкан же малчы болот деген түшүнүктү жок кылуу зарыл. Менин айтаарым, бүгүнкү күндө дыйкан — бул кадимкидей эле ишкер же бизнесмен. Дыйкандар өздөрүн кемсинтпей, кесибинин кадырына жетиши керек. Карапайымдыктын дагы чеги болуусу зарыл. Анткени дыйканчылык — бул айыл-чарба өндүрүшү. Өндүрүштүн негизги максаты — киреше тапмай. Киреше жана чыгашаны эсептеп, планды түзүп натыйжалуу иш кылган дыйкан ийгиликке жетишет.
— Жер иштетүүгө кызыккандарга кандай кеңеш берет элеңиз?
— Европа өлкөлөрүн көп кыдыраарыңызды билебиз…
— Саякатымдын дээрлик жүз пайызы жумушка байланыштуу. Көбүнчөсү Европадагы завод-фабрикаларды кыдырып, айыл чарба тармагындагы ишкерлер менен жолугам. Алар менен тажрыйба алмашып турабыз. Ал жактан үйрөнгөн жаңы нерселерди, жаңы тенденцияларды Кыргызстанга да киргизүүнүн аракетин көрүп келе жатам. Өзүм дыйканчылыктан сырткары кеңешчилик кызматты да аркалайм. Бирок бул кызматыма чет өлкөлөрдө гана акы алам. Ал эми Кыргызстанда жардам сурагандарга кеңешимди бекер эле берем.