БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Өмүрүндө бир гана жолу чылым чегип көргөн адамдардын 60-70 пайызы бул адатка көнүп алат. Окумуштуулардын мындай жыйынтыкка келгенин РИА Новости агенттиги жазды.
Илимпоздор сегиз ири сурамжылоонун жыйынтыгына таянып, тамеки тарткан 200 миң кишинин маалыматын алган. Качандыр бир кезде чылым даамын таткан адамдардын теңинен көбү бара-бара тамекисиз жашай албай калганы аныкталган.
"Тамекини оюн катары гана тартып жүргөн алгачкы күндөр никотинден көз каранды болуунун эң негизги бөлүгү болуп эсептелет. Чылымдын даамын бир гана жолу татып көргөн адам анын тузагына илинет. Андыктан,тамекиге такыр жолобой койгондон артыгы жок", — деп түшүндүргөн Лондон шаарындагы Королева Мария университетинин окумуштуусу Питер Хайек.
Адамдын никотинге байланып калышы тууралуу окумуштуулардын пикири эки анжы бойдон калууда. Биринчи тобу тамекиге көнүү психология менен байланыштуу десе, экинчи тобу адамдын физикалык абалына тиешелүү дешет.